Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 21-июлу N 321-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кадрлык өзгөртүүлөргө байланыштуу: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы N260-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган буйрук менен түзүлгөн Товардык кредиттерди бөлүштүрүүбоюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын курамына киргизилишсин: Касымов К.Ж. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары, комиссияга төрагалыкка; Мадумаров К.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ка- раштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун директору, комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына; Султанов А.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комиссиянын мүчөлүгүнө; Даникеев Д.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине караштуу Моно- полияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департа- менттин директорунун орун басары, комиссиянын мүчөлүгүнө; Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппа- ратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана жа- ратылышты пайдалануу бөлүмүнүн референти, комис- сиянын мүчөлүгүнө; - М.Т.Турдукулов, А.О.Коњуров, О А.Эгембердиев, Н.А.Шермухамедов,Д.Д.Шадыбеков комиссиянын курамынан чыгарылышсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы N61-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пунктунун төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары алып салын-сын. Премьер-министр К.Бакиев