КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 9-октябры № 574 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2006-2008- жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын тиркелген Планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Ош облусунун мамлекеттик администрациясы зарыл чараларды көрүшсүн жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруу боюнча маалымат берип турушсун. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана бөлумдерүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов