Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-октябрындагы № 585-6 буйругу менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун расмий делегациялар залы көрсөтүүчү кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускама 1. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы),Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси жана алардын үй-бүлөмүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери, аларды коштоочуадамдар акысыз тейленет. 2. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын жетекчиси жана анын орун басарлары, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининТөрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешининдепутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кењешчиси, КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин, КыргызРеспубликасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз РеспубликасынынЖогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин(Акыйкатчысынын) орун басарлары, облустардын мамлекеттик администрациябашчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын кењешчилери акысыз тейленет.Алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана аларды коштоочу адамдар тейлөө үчүн акыны түздөн-түз расмий делегациялар залында төлөшөт. 3. Тизмеге кирбеген калган кызмат адамдары жана "Манас" эл аралык аэропорту"ачык акционердик коомунун расмий делегациялар залында тейлөнүүгө укугу баралардын үй-бүлө мүчөлөрү тейлөө үчүн акыны ошол залда төлөшөт. 4. Расмий делегацияларды тейлөө боюнча эсептешүүлер делегация кабыл алынган(жөнөтүлгөн) линия боюнча ошол уюмдун (ведомствонун) тийиштүү администрациялык-чарбалык подразделениелери тарабынан жүргүзүлөт. 5. Эгемен республикалардын өкүлдөрү ушул Нускаманын 1 жана 2- пункттарындасаналган кызматтарды ээлеген же ошолор менен бирдей адамдардан тышкары тийиштүүтарифке ылайык акыга тейленет. 6. Расмий делегациялар залынын кызматкерлери ар бир айдын 10унда кийинкиэсептерге киргизүү үчүн келишим түзгөн уюмдарды көрсөтүү менен залдынкызматтарынан пайдаланышкан жүргүнчүлөрдүн саны жөнүндө "Манас" эл аралыкаэропорту" ачык акционердик коомунун бухгалтериясына маалымат берип турушат. 7. Ушул Нускамада эскертилген коштоочу кызмат адамдары жалпы негиздерде акытөлөшөт. 8. Расмий делегацияларды акысыз тейлөөгө билдирүүлөр Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ишбашкаруучусунун же алардын биринчи орун басарларынын уруксаты боюнча ганажүргүзүлөт. 9. Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен болгон иш-чара Чоњзалда тейленет. 10. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы жана анынорун басарлары, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси жана КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын жетекчиси, КыргызРеспубликасынын Президентинин мамлекеттик кењешчиси, Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасыКичи залда тейленет. 11. Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпус VIР эл аралыксектор залында тейленет. 12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, Кызмат адамдарынынтизмесине кирген калган адамдар Кичи залда тейленет. Эскертүү. 1.Залдын кызматтарын пайдалануу үчүн накталай акы төлөө сумманы, жүргүнчүнүнфамилиясын жана аты-жөнүн көрсетүү менен ар кандай жыйымдардын квитанцияларыаркылуу таризделет. Бир нече жүргүнчүлөр үчүн акы алууда бир квитанция аркылуутариздөөгө уруксат берилет (делегация, үй-бүлө ж.б.у.с, мында квитанцияданегизги жүргүнчүнүн фамилиясы жана аты-жөнү жана аны менен бирге жүргөнжүргүнчүлөрдүн саны көрсөтүлөт). 2.Кичи залды пайдалануу үчүн акынын өлчөмү монополияга каршы орган менен макулдашылып, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан бекитилетжана залда илинүүгө тийиш.