Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 1-ноябры № 615-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Кутесай-II" сейрек кездешүүчү жер кенин жана "Калесай" бериллийкенин өнөр жайлык иштетүүнү ишке ашыруу максатында: 1. "Кутесай-II" сейрек кездешүүчү жер кенин жана "Калесай" берил-лий кенин иштетүү максатында жер казнасын пайдалануу укугун алууга"CENTRAL ASIA METALS GROUP" жоопкерчилиги чектелген коомун конкурстунжењүүчүсү деп табуу жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте: - "Кутесай-II" сейрек кездешүүчү жер кенин жана "Калесай" бериллийкенин иштетүү максатында жер казнасын пайдалануу укугун алууга "CENTRALASIA METALS GROUP" жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензия берсин; - "Кутесай-II" сейрек кездешүүчү жер кенин жана "Калесай" бериллийкенин иштетүү максатында жер казнасын пайдалануу укугу үчүн бир жолкутөлөмдү-"бонусту" издеп тапсын жана лицензия берилгенден кийин 10 банк-тык күндүн ичинде толугу менен республикалык бюджетке которсун. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри Ф.Кулов