Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-октябры № 606-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадр-ларды аттестациялоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бела-русь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулда-шуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын тө-рагасынын орун басары, башкы окумуштуу катчысына принциптүү эмес мүнөз-дөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогорудааталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюугаыйгарым укук берилсин. Премьер-министри Ф.Кулов Долбоор Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Тажик-стан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү, окумуштуулукдаражалар жана наамдар жөнүндөгү документтердин эквивалентүүлүгү жанааларды өз ара таануу жөнүндө 1998-жылдын 24-ноябрындагы Макулдашуунужетекчиликке алышып, илимий байланышты өнүктүрүүгө жана сактоого умту-луп, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардыаттестациялоо жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга умтулуу-сун ырастоо менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Бул Макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Тараптардын тие-шелүү мамлекеттик аттестациялык органдары эсептелет. 2-статья. Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында экинчи Тараптын ыйгарымукуктуу органы тарабынан берилүүчү окумуштуулук даражаларды жана оку-муштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү квалификаци-ялык документтерди таанышат. Окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруужөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерди таануу улуттук мамлекеттикдокументтердин ээлери үчүн өз мамлекеттеринин аймактарында Тараптар та-рабынан белгиленген анын ээлеринин укуктары сөзсүз жайылтылат дегендик-ке жатпайт. Окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндөгү мамле-кеттик үлгүдөгү квалификациялык документтердин салыштырмалуулугу (экви-валентүүлүгү) анын ээлерин кайрадан аттестациялоо процессинде аныкта-лат. Кайрадан аттестациялоо квалификациялык документтин ээси жараныболгон мамлекеттин же ал аймагында туруктуу жашаган тиешелүү мамлекет-тик аттестациялык органы тарабынан ар бир Тараптын нормативдик укуктукактыларына ылайык жүргүзүлөт. 3-статья. Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары: - аттестациянын улуттук системаларын өнүктүрүү концепцияларын, жо-горку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын ат-тестациясына. карата талаптарды, ошондой эле илимий кызматкерлердинадистиктеринин улуттук тизмелерин (номенклатураларын) иштеп чыгууда өзара консультацияларды өткөрүшөт; - жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадр-ларды аттестациялоонун мамлекеттик системаларында окумуштуулук даража-ларды изденүүчүлөргө коюлуучу негизги талаптардын салыштырмалуугун кам-сыз кылышат. 4-статья. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары жогорку квалификациялуу или-мий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кыз-матташтыкты төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрүшөт: өз аймактарында диссертация коргоо боюнча кењештерде экинчи Тарап-тын мамлекетинин изденүүчүлөрүнө диссертация коргоо үчүн бирдей шарттытүзүү; Тараптардын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогика-лык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик системаларындагы өзгөрүүлөржөнүндө өз убагында өз ара маалымат берүү, ушул кадрларды аттестациялоомаселелери боюнча тийиштүү нормативдик актыларды жана башка материал-дарды алмашып туруу; Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардыаттестациялоо процессин башкаруу тажрыйбасын алмашуу боюнча аны өркүн-дөтүүгө багытталган зарыл биргелешкен иш-чараларды өткөрүү. 5-статья. Диссертацияларды экспертизалоо сапатын жогорулатыш үчүн Тараптар-дын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүдөй көмөк көрсөтү-шөт: экинчи Тараптын мамлекетинин көрүнүктүү окумуштууларынын жанаадистеринин диссертация коргоо боюнча кењештеринин ишине, ошондой эледиссертация коргоодо оппонент катары катышууларына; экинчи Тараптын диссертация коргоо боюнча кењештеринде, өз айма-гындагы диссертация коргоо боюнча кењештерде корголгон диссертацияларгакошумча экспертиза жүргүзүүгө. 6-статья. Бул Макулдашууга катышуу Тараптардын жогорку квалификациялуу или-мий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кыз-матташуусунун башка формаларын пайдаланууга укуктарын чектебейт. 7-статья. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан конкреттүү маселелербоюнча кошумча макулдашууларга жана протоколдорго кол коюлушу мүмкүн. 8-статья. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашуунун текстинеөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 9-статья. Бул Макулдашууну колдонуу же чечмелөөгө байланышкан маселелер бо-юнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөр жа-на консультациялар жолу менен чечишет. 10-статья. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мам-лекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү акыркыбилдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жыл бою жарактуу болот жана анын колдонулушу,эгер Тараптардын эч бири тиешелүү мөөнөттүн бүтүшүнө чейин алты айданкеч калтырбай экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуугаөз ниетин билдирбесе, ал өзүнөн өзү кийинки беш жылдык мөөнөткө узарты-лат. Минск шаарында 2006-жылдын "__" ________ ар бири кыргыз, беларусьжана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун текстин чечмелөөдө пикир келишпегендик-тер пайда болсо, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Беларусь Республикасынын Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн