Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 8-ноябры №619-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Миграция боюнча Эл аралык уюмдун КыргызРеспубликасындагы Миссиясынын ортосунда чегараларды башкарууда кызматташуужаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбоору принциптүүэмес мүнөздөгү оњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү мененжактырылсын. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Миграция боюнча Эл аралык уюмдун Кыргыз Республикасындагы Миссиясынын ортосунда чегараларды башкарууда кызматташуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаМиграция боюнча Эл аралык уюмдун Кыргыз Республикасындагы Миссиясы, достук мамилелерди, анын ичинде чегараларды башкаруу жаатындагы бардыкмаселелер боюнча кызматташуулар аркылуу өнүктүрүүнү каалашып, миграция процесстерин жөнгө салуу Кыргаз Республикасынын Өкмјтүнүн негизгиартыкчылыктарынын бири болуп саналаарын түшүнүшүп, Кыргызстанда миграциялык процесстерди турукташтырууга багытталганреформалардын жүрүшүнө Миграция боюнча Эл аралык уюм тарабынан андан ары колдоокөрсөтүүнүн зарылдыгын моюндарына алышып, Кыргыз Республикасы 2000-жылдын 28-ноябрынан тартып Миграция боюнча Эларалык уюмдун толук укуктуу мүчөсү болуп саналаарын эске алышып, төмөнкүлјр жөнүндө макулдашты: 1-статья 1. Ушул Меморандумдун негизинде Тараптар өз ыйгарым укуктарынын алкагындаКыргыз Республикасынын чегараларын башкаруудагы натыйжалуулукту жогорулатуумаксатында кызматташат, айрым алганда: а) чегарадагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо; б) Кыргыз Республикасынын чегарасынан өтүү жол-жоболорун өркүндөтүү жанажөнгө салуу; в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан өтүү маселелери боюнчамыйзамдарды өркүндөтүү жана шайкеш келтирүү; г) чегараларды башкарууну ишке ашыруучу ведомстволордун потенциалдарынчыњдоо. 2. Бул Меморандумдун эки Тараптын башка эл аралык келишимдеринен келипчыгуучу милдеттенмелерине тиешеси болбойт. 2-статья Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгј ниеттенишет, ал экиТараптын ортосундагы тикелей байланыштарга негизделүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Тараптан негизги өнөктөш болуп КыргызРеспубликасынын Чегара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик бажы инспекциясы аныкталган. Миграция боюнча Эл аралык уюм Тараптан Кыргыз Республикасындагы анынМиссиясы аныкталган. 3-статья 1. Тараптар кыргыз-өзбек чегарасындагы «Достук автожолу» өткөрүү пунктун эларалык стандарттарга ылайык ыњгайлаштыруу жана техникалык жабдуу боюнчакызматташат. 2. Кошумча тышкы ресурстар алынган учурда Тараптар кыргыз-өзбек чегарасына«Бекабад» чегаралык өткөрүү пунктун эл аралык стандарттарга ылайык куруу боюнчакызматташат. 4-статья Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган өткөрүү пункттарын КыргызРеспубликасынын Чегара кызматы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМамлекеттик бажы инспекциясы биргелешип пайдалануусун жана башкаруусун ырастайт. 5-статья Тараптар кол коюлган Меморандумдун алкагында өз ишмердиктери жөнүндө бири-бирине маалымдашат жана Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар уюмдарынынортосундагы байланыштарга көмөк көрсөтүшөт. 6-статья Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кењейтүү максатында ушул Меморандумдамакулдашылган маселелердин бүткүл комплекстеринин үстүндө туруктуулук менен,ырааттуу жана туруктуу негизде иштешет, алар келечектеги сүйлөшүү процессининжүрүшүндө талкулоонун предмети болуп калат. Меморандумдун колдонулушу Тараптардын биринин тиешелүү жазуу жүзүндөгүбилдирүүсүнөн 6 ай өткјндөн кийин мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. 7-статья Бул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Меморандумга кыргыз, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада колкоюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдјталаш-тартыштар келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги тексттижетекчиликке алышат. 8-статья Бул Меморандум Миграция боюнча Эл аралык уюмдун Кыргыз РеспубликасындагыМиссиясынын колдонулуудагы артыкчылыктарына жана иммунитеттерине таасиркөрсөтпөйт. Бишкек шаарында 2006-жылдын « » түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өкмөтү үчүн Миграция боюнча Эл аралык уюм үчүн Кыргыз Республикасынын МЭУнун Кыргызстандагы Премьер-министри Миссиясынын башчысы Феликс Кулов Златко Зигич