Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 8-ноябры №620-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы билим берііжаатында кызматташууну јніктіріі максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүнортосунда билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунунтиркелген долбоору жактырылсын, 2. Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринепринциптүү эмес мүнөздөгү оњдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу мененКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бул макулдашуунун долборуна кол коюгаыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү жана илим тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаБеларусь Республикасынын Өкмөту, - Кјз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 1992-жылдын 15-майындагы билим берүү тармагында кызматташуу жјнүндө келишиминжетекчиликке алып, - билим берүү жана илим тармагында кызматташууну жана тењ укуктуулуктуөнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө умтулуп, - эки мамлекеттин билим берүү жана илим тармагында ар тараптуу кызматташуугадаяр экендигин сезип төмөндөгүлөр жјнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар билим берүү тармагында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердиөнүктүрүүнү колдоо менен төмөнкүлөргө колдоо көрсјтөт: а) билим берүү чөйрөсү менен байланышкан мекемелердин жана уюмдардынортосундагы түздөн-түз кызматташуусуна, байланышына жана алмашуусуна, ошондойэле эки өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлердин ортосундагы түздөн-түзкызматташуусуна, байланышына жана алмашуусуна; б) экинчи Тараптын өлкөсүнүн тилин жана адабиятын үйрөнүүгј; в) окутуу методикаларын, окуу материалдарын жана программаларын биргелешипиштеп чыгууга, ошондой эле иштелип чыккан окутуу методикаларын, окууматериалдарын жана программаларын алмашууга; г) студенттерге, аспиранттарга, жана стажерлорго өзара негизде стипендиячектеп берүүгј; д) илимий даражалар жана наамдардын, билим берүү жөнүндө документтердинэквиваленттүүлүк маселелери боюнча атайын макулдашуу түзүүгө. 2-статья Тараптар илим жана технология тармагында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердијнүктүрүү максатында төмөнкүлјргө көмјк көрсөтөт: а) түздөн-түз келишимдин негизинде фундаменталдуу жана колдонмо илимдертармагындагы айрым окумуштуулардын жана илимий уюмдардын, жамааттардынортосундагы түздөн-түз кызматташууга; б) илимий кызматкерлерди, окумуштууларды өз ара жиберишүүгө; в) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды жана документерди алмашууга; г) илимий симпозиумдарды, семинарларды, конференция жана кењешмелердибиргелешип өткөрүігө; д) илимий көргөзмөлөрдү жана демонстрацияларды биргелешип өткөрүүгө; е) илимий адабияттарды, мезгилдүү жана башка басылмаларды алмашып турууга; ж) илимий кызматташуунун башка өз ара макулдашылган формаларына. 3-статья 2001-жылдын 28-сентябрында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысызМамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттерде жогорку окуу жайларын түзүүжана филиалдарынын иштөө тартиби жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптардынмамлекеттеринин аймагында жогорку окуу жайларынын филиалдарын түзүүгө жанаиштөөсүнө Тараптар жалпы билим берүү мейкиндигин бекемдөө жана кызматташуунуандан ары тереѕдетіү максатында көмөк көрсөтүшөт. 4-статья Тараптар Тараптардын мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан билим берүүсистемаларындагы реформаларды эске алуу менен билим берүү тармагындагы окуу,илимий, методикалык адабияттар, монографиялык изилдөөлөрдү алмашууга ар тараптуукөмөк көрсөтүшөт. 5-статья Тараптар билим берүү тармагында адистерди даярдоо жана квалификациясынжогорулатуу боюнча кызматташууну төмөндөгүдөй формада жүргүзөт: - билим берүү тармагында өнүктүрүү жана пландоонун, уюштуруу жанабашкаруунун маанилүү багыттары боюнча тажрыйба алмашуу; - илим жана техника тармагында кызматташууну бекемдөө, илимий изилдөөлөрдүннатыйжалуулугун арттыруу; - студенттер, аспиранттар, докторанттар, окутуучулар, окумуштуулар жанабашка адистерди жиберишүү; - түздөн-түз келишимдердин негизинде Тараптардын мамлекеттеринин окуужайларынын ортосунда түздөн-түз байланыштарды жана кызматташууну түзүү. 6-статья Тараптар өз ара негизде жиберишүүнүн бюджеттик формасы боюнча кадрлардыдаярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун бардык дењгээлинекабыл алууга төмөнкүдөй ар жылдын контролдук цифраны белгилешет: - адистерди даярдоо — 10 орунга чейин; - стажировка, аспирантура, докторантура — 5 орунга чейин; - квалификацияны жогорулатуу - 2 орунга чейин. Адистиктердин багыттарынын,жогорку окуу жайларынын тизмеси жана Тараптардын мамлекеттеринин жогорку окуужайларын кабыл алууну уюштуруу маселелери жыл сайын тиешелүү министрликтертарабынан макулдашылат. 7-статья Кабыл алуучу Тарап жјнөтүүчү Тараптын мамлекетинин ушул Макулдашуунун 6-статьясынын алкагында окууга кабыл алынган жарандарына кабыл алуучу Тараптынмамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык стипендия төлөөнү жана медициналыктейлөјнү камсыз кылат, өздөрүнүн мамлекетинин жарандарынадай эле шарттардажатаканада жашоого, окуу аудиторияларын, китепканалардан, лабораториялардан ж.б., ошондой эле жогорку окуу жайлардын спорттук ден-соолук чыњдоочу жайларынанпайдаланууга укук берет. 8-статья Жөнөтүүчү Тарап ушул Макулдашуунун 6-статьясына ылайык жогорку окуужайларына кабыл алынган өз мамлекетинин жарандарынын жол киресин төлөйт, агаокуган жерге чейин барып келүүсү, каникулга барып келүүсү жана мөөнөтүнөн мурдаокуудан чыгарылган учурлар да кирет. 9-статья Тараптар өзүнүн окуу жайларында контрактык негизде билим алууга экинчиТараптын мамлекетинин жарандарынын укуктарын чектебейт. Абитуриенттердинтапшыруусу жана ЖОЖго кабыл алынгандардын окуу шарттары кабыл алуучу Тараптынэрежелери, ошондой эле 1996-жылдын 29-мартындагы Экономикалык жана гуманитардыктармактардагы интеграцияны терењдетүү жөнүндөгү келишимге катышканмамлекеттердин жарандарына окуу жайларга тапшырууда бирдей укук берүү жөнүндөгүкелишимге ылайык жүргүзүлөт. 10-статья Тараптар ЖОЖдор арасындагы сырттан (аралыктан) окуу, билим берүү процессиндекомпьютердик каражаттарды, мультимедиа, телекоммуникация каражаттарын колдонуубоюнча кызматташууну, ошондой эле маалыматтык кызматташууну өнүктүрүүнү колдойт,ага окуу жана методикалык адабияттар менен камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринаттестациялоо жана аккредитациялоо маселелеринде тиешелүү документтерди жанамаалыматтарды алмашуу кирет. 11-статья Тараптар 1998-жылы 24-ноябрда Москва шаарында кол коюлган Билим берүүдокументтерин, илимий даражаларды жана наамдарды өз ара таануу жанаэквиваленттүүлүгү жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында билим берүүдокументтерин, илимий даражаларды жана наамдарды өз ара таануу менен байланышканмаселелерди жөнгө салуу боюнча иштерди улантат. 12-статья Тараптар жаштар жана балдар коомдук бирикмелеринин ортосундагы кызматташуунуколдойт, жаштар саясаты тармагында кызматташууну кеѕейтүүгө жана бекемдөөгөкөмөк көрсөтөт. 13-статья Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү колдойт. Тараптаржаштар жана студенттик эмгек жамааттары (отряддары), ошондой эле Тараптардынөлкөлөрүнүн ыктыярдуу эмгек отряддарын өз ара жиберишүүгө шарт түзјт. 14-статья Тараптар ушул Макулдашууда камтылуучу жана Тараптардын өлкөлөрүнүн бириндеөткөрүлүүчү тармактар боюнча семинарларга, фестивалдарга, мелдештерге,көргөзмөлөргө, конференцияларга, симпозиумдарга жана кењешмелерге катышуугатиешелүү түрдө катышууга көмөк көрсөтөт. 15-статья Ушул Макулдашуу менен жөнгө салынган ишмердүүлүктөр эл аралык укуктуннормаларына жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 16-статья Тараптардын өз ара макулдашууларына ылайык бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жанаанын ажырагыс бөлүгү болуп калат. Байланыштарды бекемдөө, тажрыйба алмашуу, андан аркы кызматташуу маселелеринталкуулоо үчүн, ошондой эле ушул Макулдашуунун аткарылышына байланыштууконсультацияларды өткөрүү үчүн Тараптар өз ара делегация жиберип турушат. 17-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдүалган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жыл бою колдонууда болот, эгер Тараптардын бири кезектегимөөнөт бүтөрүнө 6 ай калганга чейин дипломаттык каналдар менен экинчи Тарапкаанын колдонулушун токтотуу жөнүндөгү јзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе,Макулдашуу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн өзү узартылат. ______________________шаарында 200_____жылдын «____»______________экитүп нускада кыргыз, белорус жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болгон учурдаТараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасыньш Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн