Сравнение редакций…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2006-жылдын 8-ноябры № 625-б
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 9-июлундагы № 348-б буйругунун
редакциясына ылайык)
"Европа-Кавказ-Азия" эл аралык транспорт коридорун (ТРАСЕКА) өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иштеши үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун борбордук органдарын өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Улуттук комиссиянын төрагасы;
Сарбаев Кадырбек Тельманович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, комиссиянын улуттук катчысы;
Боотбаев Түркмөн Еркинбаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын начальниги.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-июлундагы № 348-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы менен бирдикте ТРАСЕКАнын өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы ишке байланыштуу маселелерди жөнгө салуу жана ишке ашыруу боюнча эксперттик топ түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 6-мартындагы № 78-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4 Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |