Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 21-ноябры № 647-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Жердин чөлгө айланып кетүүсүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун1994-жылдын 12-сентябрындагы Конвенциясы боюнча (мындан ары - Конвен-ция) Кыргыз Республикасы кабыл алган милдеттенмелерди аткаруу, донордукжардамды тартуу, жердин чөлгө айланып кетүүсүнө жана жер-суу ресурста-рынын деградациясына каршы күрөшүү боюнча практикалык иш-чараларды ат-каруу үчүн негиз катары Жер ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча Улут-тук алкактык программа (мындан ары - Алкактык программа) жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги Улуттук алкактык программаны жана Конвенцияга кошулуугабайланыштуу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу боюнча ый-гарым укуктуу орган болуп аныкталсын. 3. Жердин чөлгө айланып кетүүсүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун Кон-венциясын жана Жер ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча Борбордук Азияөлкөлөрүнүн демилгесинин чектеринде Улуттук алкактык программаны атка-руу боюнча Ведомстволор аралык координациялык кењеш (мындан ары - Коор-динациялык кењеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 4. Алкактык программаны даярдоо боюнча "Жер ресурстарын туруктуубашкаруу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн демилгеси" программалык до-кументинин секретариаты Конвенцияны жана Алкактык программаны аткаруубоюнча оперативдүү аткаруучу орган болуп аныкталсын. 5. Координациялык кењеш жана "Жер ресурстарын туруктуу башкаруубоюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн демилгеси" программалык документининсекретариаты донордук коомдоштук менен бирдикте Алкактык программаныаткаруу боюнча башкаруу структурасын, ишке ашыруу механизмин жана от-четтуулукту иштеп чыгышсын жана бекитишсин. 6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрли-ги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктардыкаттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекет-тик агенттик, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары айдоо жерлеринин, жайыттарынын жана токойжерлеринин чөлгө айланып кетишин жана деградациясын болтурбоо боюнчаизилдөөлөр менен иш-чараларды өздөрүнүн жылдык жана келечектүү програм-малары менен пландарында карашсын. 7. Конвенциянын жана Алкактык программанын максаттарын ишке ашырууүчүн Координациялык кењештин жана "Жер ресурстарын туруктуу башкаруубоюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн демилгеси" программалык документининсекретариатынын ишине белгиленген тартипте тиешелүү министрликтердинжана ведомстволордун адистери тартылышы мүмкүн экендиги белгиленсин. 8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иште-түүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 647-б буйругуна тиркеме Жердин чөлгө айланып кетүүсүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун Конвенциясын жана Жер ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн демилгесинин (ЖРТББАӨД)чектеринде Улуттук алкактык программаны аткаруу боюнча Ведомстволор аралык координациялык кењешинин КУРАМЫ Исабеков А.Б. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, кењештин төрагасы, Алкактык программаны ишке ашыруу боюнча улуттук координатор; Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар- басы боюнча мамлекеттик агенттиктин директо- ру, экология жана токой чарбасы маселелери боюнча кењештин тењ төрагасы; Жээнбеков С.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аг- роөнөр жай комплекси жана экология боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Касымов К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин статс-катчысы; Кулов К.М. - Жердин чөлгө айланып кетүүсүнө каршы күрөшүү боюнча БУУнун Конвенциясын аткарууга карата Кыргыз Республикасынан улуттук координатор, ЖРТББАӨД секретариатынын жетекчиси; Осмоналиев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- нистрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); Калыбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси; Осмоналиев С.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кай- ра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы; Байтемиров Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун ба- сары; Кулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун ба- сары; Тулеев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин адми- нистрациялык колдоо көрсөтүү башкармалыгынын начальниги; Байкожоев М.С. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер минист- рлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; Тынаев С.М. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аграр- дык саясат жана инвестициялар башкы башкар- малыгынын начальниги; Ажибеков А.С. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин илим жана инновациялык технологиялар башкармалы- гынын начальниги; Кошматов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы директору; Эгембердиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Жайыт- тар департаментинин башкы директору; Руденко В.Н. - Республикалык үрөнчүлүк инспекциясынын на- чальниги; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" Мамлекеттик долбоорлоо институтунун директо- ру; Муканбетов С. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финан- сы министрлигинин инвестициялык саясат баш- кармалыгынын начальниги; Маллаев Х.М. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар ми- нистрлигинин "Сельводзащита" башкармалыгынын начальниги; Такенов Ж. - ПРООНдун Кыргызстандагы айлана-чөйрө боюнча эл аралык кењешчиси (макулдашуу боюнча); Мамбетова Ч.Б. - Кыргызстанда Азия өнүктүрүү банкынын турук- туу өкүлчүлүгүнүн долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматкери (макулдашуу боюнча); Ибраимова Э.С. - Кыргыз Республикасынын коомдоштуктарын өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин директору (макулдашуу боюнча); Дыйканбаев К.С. - Кыргыз Республикасынын Айылдарын жана посе- локторун өз алдынча башкаруу органдары ассо- циациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Печенюк О.В. - Орхус конвенциясын ишке ашыруу боюнча улут- тук координатор (макулдашуу боюнча); Нурматова Г.Р. - "RIOD" Кыргызстан" ӨЭУ тармагынын координа- тору (макулдашуу боюнча). Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев