Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-ноябры № 634 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бельгия-Люксембург Экономика Бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бельгия-Люксембург Экономика Бирлигинин ортосунда инвестицияларды өз ара жылдыруу жана коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри Жапаров Акылбек Үсенбековичке жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов