Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 23-ноябры № 649-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен БеларусьРеспубликасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы илимий кыз-матташуу жөнүндө тиркелген Келишимдин долбоору мүмкүн болгон оњдоолордужана принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду эске алуу менен жактырыл-сын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы илимий кызматташуу жөнүндө КЕЛИШИМ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттукилимдер академиясы менен Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер ака-демиясы, илимий кызматташтыктын маанилүүлүгүн таануу жана аны узак мөө-нөттүү негизде ишке ашырууга умтулууну билдирүү менен төмөнкүлөр жөнүн-дө макулдашты: 1-статья. 1. Бул Келишимдин максаты Тараптардын илимий-техникалык потенциал-дарын күчөтүү, Тараптардын илимий мекемелеринин ортосундагы байланыш-тарды кењейтүү жана өнүктүрүү, тараптар өз ара кызыккан тармактардаилимий кызматташтыкка жана иштелип чыккан илимий жетишкендиктерди прак-тикалык жактан ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. 2. Бул кызматташтыктын негизги милдети идеяларды, маалыматтардыжана технологияларды алмашуу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, ошондой элебиргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды уюштуруу. 2-статья. Бул Келишимдин алкагында Тараптардын ортосундагы кызматташтык тө-мөнкү жолдор менен ишке ашырылат: - интеграциялык илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду иштепчыгуу жана ишке ашыруу; - улуттук жана эл аралык гранттарды алууга биргелешип катышуу; - уникалдуу орнотмолордо жана коллективдүү пайдалануу борборлорун-да илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жетүүнү уюштуруу; - түзүлгөн технопарк зоналарынын алкагында биргелешкен ишканалардытүзүү жана өндүрүштү уюштуруу; - студенттердин жана жаш окумуштуулардын стажировкаларын уюштуруу; - илимий жана башка маалыматтарды алмашып туруу. 3-статья. Тараптар илимий-изилдөө жана илимий-техникалык борборлордун, инс-титуттардын жана окумуштуулардын ортосунда тике байланышты жана кызмат-таштыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. 4-статья. Тараптардын ортосунда илимпоздорду, анын ичинде биргелешкен изил-дөөлөрдүн, семинарлардын, симпозиумдардын, конференциялардын катышуучу-ларын өз ара жиберишүү ушул Келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Илимпоздордун болуу убактысынын жалпы узактыгы 1 жылда 30адам-күндү түзөт. Ал Тараптардын макулдашуусу боюнча кийинки жылдынбашталышына чейин өзгөртүлүшү мүмкүн. 5-статья. Бул Келишимдин алкагандагы илимий кызматташтык Тараптардын мамле-кеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Аны ишке ашырууфинансылык каражаттардын жана персоналдын болушуна жараша болот. 6-статья. 1. Окумуштуунун бир суткалык жашоо жана жатакана чыгымдарын каржы-лоого байланышкан маселелерди кабыл алуучу Тараптын мүмкүнчүлүгүнө жа-раша эки Тарап ар бир учурда өзүнчө чечишет. 2. Жиберүүчү Тарап кабыл алуучу Тараптын борборуна (же башка ка-ралган пунктка) чейинки жол чыгымдарын (баруу-келүү) төлөп берет. 3. Кабыл алуучу Тарап экинчи Тараптын илимпоздорун өзүнүн улуттукконференцияларына жана кењешмелерине катышуу төлөмдөрүнөн бошотот. 7-статья. 1. Жиберүүчү Тарап өз кандидаттарын белгиленген баруу мөөнөтүнөн 2ай мурда сунуштайт. 2. Жиберүүчү Тарап кабыл алуучу Тарапка илимий кызматкер жөнүндөтөмөндөгүдөй маалыматты берет: фамилиясы, аты-жөнү; туулган жери жана датасы; иштеген жери жана кызматы; илимий даражасы; командировканын максаты; баруу жана иштөө болжолдогон институттар (конференцияга катышууучурунда - иш-чаранын жана аны уюштуруучусунун так аталышы); командировканын мөөнөтү. 3. Кабыл алуучу Тарап жиберүүчү Тарапка сунуш кылынган кандидат-тарды кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн белгиленген баруу убактысынан 1 аймурда кабарлоосу керек. 8-статья. Белгилүү бир учурларда жана эки Тараптын макулдугу менен, эгердебашкача макулдашылбаса, үчүнчү өлкөнүн илим-изилдөө жана илимий-техни-калык борборлору, институттары жана айрым окумуштуулары ушул Келишимдиналкагында иштеп жаткан илимий долбоорлорго жана программаларга катышуу-га тартылышы мүмкүн (алардын өздүк каражаттарынын эсебинен). 9-статья. Ушул Келишимдин алкагында долбоорлорду жана программаларды ишкеашырууга оптималдуу шарттарды түзүү максатында ар бир Тарап экинчи Та-раптын өкүлү үчүн тиешелүү географиялык райондорго, мекемелерге жетүү-сүн, маалыматтар, материалдарды алуусун, ошондой эле айрым окумуштуу-лар, адистер жана изилдөөчүлөр менен байланышуусун тез жана натыйжалууишке ашырууга жардам берүү милдетин алышат. Кабыл алуу шарттары боюнчаөзүнчө келишим менен таризделет. 10-статья. Экинчи Тараптан командировкага жиберилген адистер жана окумуштуу-лар күтүлбөгөн жерден ооруп калса же кырсыкка учураса кабыл алуучу Та-рап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык медициналык жардамкөрсөтүү уюштурат. 11-статья. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда Тараптардынортосунда пикир келишпестиктер келип чыкса Тараптар аны сүйлөшүүлөр жа-на консультациялар аркылуу чечишет. Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча бул Келишимге толуктоолоржана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал Келишимдин ажырагыс бөлүгү бо-луп эсептелинүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет. 12-статья. Бул Келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптар-дын бири Келишимдин колдонулушун токтотуу жөнүндө ниетин экинчи Тарапкакат жүзүндө кабарлаган билдирүүнү алган күндөн тартып алты айга чейинколдонулат. Бул Келишимдин колдонулушун токтотуу ушул Келишимге ылайык ишкеашырылуучу кызматташуу боюнча илимий иштерди аткарууга жана анын аяктоомөөнөтүнө карата бүтө элек илимий иштерге тиешеси болбойт. Минск шаарында 2006-жылдын "___" ________ ар бири кыргыз жана орустилдеринде эки түп нускада түзүлдү. Тексттердин бардыгы бирдей юридика-лык күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер Улуттук илимдер академиясы үчүн академиясы үчүн