Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-августундагы № 431-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2006-жылдын 28-ноябры № 654-б
Кыргыз Республикасында Ага Хандын өнүктүрүү тармагынын ("АКДН") ишмердигин жүзөгө ашырууга көмөктөшүү максатында жана Бишкек шаарында 2001-жылдын 25-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Исмаилиттер имаматынын ортосунда өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 3-статьясына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, парламенттер аралык байланыштар, коомдук бирикмелер жана диний уюмдар боюнча комитетинин төрагасы Самаков Карганбек Садыкович Ага Хандын өнүктүрүү тармагы ("АКДН") менен байланыш боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын (макулдашуу боюнча).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 24-декабрындагы № 710-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ф.Кулов |