Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 30-ноябры № 659-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын бардык категориялардагы чарбаларында малдынжана үй канаттуулардын иш жүзүндөгү санын аныктоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын аймагында бардык категориялардагы чарба-ларда 2007-жылдын 1-январына карата малга жана үй канаттууларга биржолку санак жүргүзүлсүн жана айылдык, поселоктук жана шаардык кењештер-дин чарба китептериндеги жазуулар такталсын. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары: - белгиленген тартипте: малды жана үй канаттууларды саноого даярдануу жана санак жүргүзүүбоюнча мамлекеттик ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү жетектеген жумуш-чу комиссияларды түзүшсүн; мамлекеттик администрациялардын, аймактык жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын, айылдык, поселоктук кењештердин, шаарөкмөттөрдүн, мамлекеттик жана коллективдүү чарбалардын, кварталдык ко-митеттердин кызматкерлеринен, коомчулуктун өкүлдөрүнөн ишке тартылчуадамдардын (санакчылардын) тизмелерин бекитишсин жана алар иштечү учас-токторду белгилешсин; - санакчылар 2007-жылдын 2-15-январында ар бир дыйкан (фермердик)чарбаны, жеке көмөкчү чарбаны, ошондой эле айыл жана шаар жерлердегидача участокторду, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды жана башка өзүнчөжайгашкан обьектилерди (темир жол разьезддерин, кашарларды, чабандардынүйлөрүн, кыштоолорду жана башкаларды) милдеттүү кыдырып малдын жана үйканаттуулардын ар бир түрүн саноо менен малдын жана үй канаттуулардынсанагын сапаттуу жүргүзүшүн камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн; - эл арасында малдын жана үй канаттуулардын санагынын милдеттерижана максаттары жөнүндө түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн; - санакчылардын персоналын унаа менен камсыздоо маселесин чечиш-син, ошондой эле малды жана үй канаттууларды саноо учурунда санакчылар-дын коопсуздугун камсыздашсын. 3. Көмөкчү чарбасында мал жана үй канаттуулар бар министрликтер,мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ишканалар, меке-мелер жана уюмдар санактын башталышына чейин аларды 2007-жылдын 1-янва-рына карата инвентаризациялоону жана кайрадан санап чыгууну аякташсын. 4. Бардык уюштуруучу-укуктук формадагы жана менчиктин түрлөрүндөгүайыл чарбалык ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери статистика орган-дарына ар бир чарбадагы малдын жана үй канаттуулардын иш жүзүндөгү саныжөнүндө текшерилген маалыматтарды белгиленген формаларда жана белгилен-ген мөөнөттө 2007-жылдын 1-январына карата беришсин. 5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуубоюнча), Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын аймактык ички иш-тер органдары: - 2006-жылдын 26-декабрына чейин айылдык, поселоктук жана шаардыккењештерди малды жана үй канаттууларды саноо боюнча формулярлар мененкамсыздашсын; - айылдык, поселоктук жана шаардык кењештердин жетекчилери мененмалды жана үй канаттууларды саноо боюнча нускоочулук кењешмелердиөткөрүшсүн; - малдын жана үй канаттуулардын санына контролдук текшерүүлөрдүжүргүзүшсүн. Малдын саны жөнүндө маалыматтарды бурмалаган фактылараныкталган учурда күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на ылайык жоопко тартышсын. 6. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети малды жанаүй канаттууларды саноонун баштапкы жыйынтыгын Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө 2007-жылдын 26-январына карата, ал эми акыркы жыйынтыгын -2007-жылдын 19-февралына карата берсин. 7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ооруларынын алдыналуу жана эпизоотияга каршы иштерди өз убагында жүргүзүү максатында,ошондой эле ветеринардык медикаменттердин, препараттардын керектүү са-нын аныктоо үчүн малдын жана үй канаттуулардын саны жөнүндө такталганмаалыматтарды пайдалансын. 8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-декабрындагы №534-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин. 9. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри Ф.Кулов