Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 29-декабрындагы N 729-б буйругуна ылайык
2010-жылдын 1-январынан тартып
КОЛДОНУЛУШУ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ ЖАНА КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-декабры № 666-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
1. "Каракол-Эњилчек автомобиль жолунун 38-143 км участкасын "Sary-
jaz Mineral Mining Company" жоопкерчилиги чектелген коомуна андан ары
эксплуатациялоо жана кармоо үчүн убактылуу тейлөөгө өткөрүп берүү
жөнүндө" келишимдин тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Каракол-Эњилчек автомобиль жолунун 38-143 км участкасы жогоруда
аталган Келишимдин колдонуу мөөнөтүнө технологиялык жолдор разрядына
которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри-
не жогоруда аталган Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын курулуш, транспортту жана коммуникация-
ларды өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри Ф.Кулов