Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-декабры №689-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТНҮҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагысоода-экономикалык мамилелер жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктытерењдетүү, эки республиканын чектеш чегара аймактарында чегаражанындагы сооданы өнүктүрүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы "Аухатты - Кењ-Булуњ" жана "Айша бүбү - Чоњ-Капка" чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун түзүүжөнүндө алкактык макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-сентябрындагы №538-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринепринциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүукугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Келишимдиндолбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Аухатты - Кењ-Булуњ" жана "Айша бүбү - Чоњ-Капка" чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун түзүү жөнүндө алкактык макулдашуу Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүжана Казакстан Республккасынын Өкмөтү, Тараптардын мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана аймактыкбүтүндүгүн урматташып, атаандашууга жөндөмдүүлүктү жогорулатууга көмөк көрсөтүүчүишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү зарылдыгына ишенишип, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында өз ара пайдакөрүү принцибин жетекчиликке алышып, чегара жанындагы сооданы жана Тараптардын мамлекеттеринин чегаражанындагы чектеш аймактарынын экономикасын өнүктүрүүгө, базарлардыкалктын ар кандай катмарларынын талаптарын канааттандыруучу товарларменен камсыз кылууга умтулушуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья 1.Тараптар тиркемеге ылайык мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүүпункттарынын жанында Тараптардын мамлекеттери тарабынан бөлүнгөнчектеш аймактарда "Аухатты - Кењ-Булуњ" жана "Айша бүбү - Чоњ-Капка"чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун (мындан ары -Борборлор) түзүшөт. 2.Борборлордогу чарбалык ишмердүүлүктүн кайсы гана түрлөрүболбосун алар кайсы мамлекеттин аймагында ишке ашырылса, ошолмамлекеттин улуттук мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо мененжүргүзүлөт. 3. Чегара жанындагы райондордун экономикасын жана соодасынөнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн багытталган ыњгайлуу иш-чаралар,адамдардын өтүшү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү боюнча тартиптер,ошондой эле Борборлордун кыргыз жана казак бөлүктөрүнүн аянттары,аймактардын чегаралары, жайгашуу схемалары Тараптардын ортосундаөзүнчө Макулдашууларды түзүү жолу менен кошумча макулдашылат жанааныкталат. 2-статья Борборлордун кыргыз жана казак бөлүктөрүн куруу жана өздөштүрүүТараптардын ар биринин мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыканыкталган кызыкдар уюмдар аркылуу жүргүзүлөт. 3-статья Борборлордун аймактарынын чектеринде Тараптардын мамлекеттерининмамлекеттик чегарасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана унаакаражаттарынын өтүүсүнө контроль жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүнТараптардын мамлекеттеринин чегаралык, бажылык, унаа, ветеринардык-фитосанитардык контроль жаатындагы кызыкдар органдары жана башкаоргандары Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынаылайык Борборлордун өздөрүнө тийиштүү бөлүктөрүндө контрольжүргүзүшөт, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоону камсызкылышат. 4-статья Борборлордун аймактарында үчүнчү өлкөлөрдүн ишканалары тарабынанинвестициялык ишмердүүлүк жүргүзүлүшү мүмкүн. Борборлордун аймактарында болгон укук бузуулар (бажылык, салыктык,ветеринардык-фитосанитардык, административдик, миграциялык, кылмыштыкжана башка) кайсы өлкөнүн аймагында болуп өтсө, ошол мамлекеттинулуттук мыйзамдарына ылайык каралат. Тараптар экономикалык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралардыкөрүшөт, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча өз арааракеттенишет, кылмыш иштери жана административдик укук бузууларбоюнча териштирүүнү жүргүзүүдө бири-бирине көмүөк көрсөтүшөт. 5-статья Ушул Алкактык макулдашууга ылайык Тараптар Борборлорду түзүү,жөнгө салуу жана иштетүү боюнча башка режимдерди жана айкын эрежелердимакулдашат, аларды эки Тарап үчүн алгылыктуу юридикалык формадабекитишет. 6-статья Бул Алкактык макулдашуу Тараптардын алар катышуучулары болгонбашка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жанамилдеттерине зыян келтирбейт. 7-статья Бул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонуудакайчы пикирлер келип чыкса Тараптар аларды сүйлөшүү жолу мененчечишет. 8-статья Зарыл учурда Тараптардын өз-ара макулдугу боюнча бул Алкактыкмакулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, аларушул Алкактык макулдашуунун ажырагыс бөлүктөрү болгон өзүнчөпротоколдор менен таризделет. 9-статья Бул Алкактык макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгонмамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуужазуу түрүндө акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Алкактык макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жанаТараптардын биринин экинчи Тараптан ушул Алкактык макулдашуунунколдонулушун токтотуу тууралуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгүбилдирүүнү алган күндөн тартып алты ай бүткөнгө чейин колдонулат. ________ шаарында 2006-жылдын "_" _____ эки түп нускада ар бирикыргыз, казак, орус тилдеринде түзүлдү, мында баардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Бул Алкактык макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчыпикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылыкберилет. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасыны Өкмөтүнүн ортосундагы "Аухатты – Кењ-Булуњ" жана "Айша бүбү — Чоњ-Капка " чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорун түзүү жөнүндөгү алкактык макулдашууга тиркеме Чегара жанындагы кызматташуунун эл аралык борборлорунун жайгашкан орду 1. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай районунун"Аухатты" жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысыката районунун"Кењ-Булуњ" мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүү пункттарыныналмагында. 2. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Жамбыл районунун"Айша бүбү" жана Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манасрайонундагы "Чоњ-Капка" мамлекеттик чегаралары аркылуу өткөрүүпункттарынын аймагында.