Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-декабры № 696-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. 1997-жылдын 10-октябрындагы Соода-экономикалык жана илимий-тех-никалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкенкомиссиясын түзүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ор-тосундагы Протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-майындагы №279-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министри Ф.Кулов Долбоор 1997-жылдын 10-октябрындагы Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясын түзүү жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы ПРОТОКОЛ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Россия Федерациясынын Өкмөтү төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. 1997-жылдын 10-октябрындагы Соода-экономикалык жана илимий-техни-калык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия биргелешкен ко-миссиясын түзүү жөнүндө протоколдун (мындан ары - Протокол) аталышытөмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызмат-таштык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясын түзүү жөнүндөпротокол". 2-статья. Протоколдун 1-статьясынын биринчи абзацында "Кыргыз-Россия бирге-лешкен комиссиясы" деген сөздөр "Соода-экономикалык, илимий-техникалыкжана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-россия ко-миссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-статья. Бул Протокол кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. ______________ шаарында 2006-жылдын "___" _________ ар бири кыргызжана орус тилдеринде болгон эки нускада түзүлдү, эки текст бирдей күчкөээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн