Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 25-январы № 14-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
1. Кыргыз Республикасынын салык кызматын өнүктүрүүнүн
2007-2012-жылдарга карата тиркелген концепциясы жактырылсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясына жана Кыргыз Республи-
касынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына тапшы-
рылсын.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 25-январындагы № 14-б
буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын салык кызматын өнүктүрүүнүн
2007-2012-жылдарга карата
КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Киришүү
Кыргыз Республикасында рынокко багытталган салык салуу системасы
1992-жылдын башында колдонууга киргизилген.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын Салык кодекси кабыл алынып, аны
менен КНСти, жеке киреше салыгын жана пайдага салыкты, акциздик салыкты
жана жер салыгын төлөөнүн жөнөкөй жана көрүнөө формалары киргизилип,
анын натыйжасында салык салуунун мыйзамдык жана экономикалык негизги,
ошондой эле салык кызматынын ишинин уюштуруучулук формасы өзгөрдү.
Салык кодекси колдонулган мезгилде анын айрым жоболорун өркүндөтүү
керектиги көрүндү, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин
2004-жылдын 13-январындагы № 3 буйругу менен Кыргыз Республикасынын
жањы Салык кодексинин долбоору боюнча иш башталган.
Кыргыз Республикасынын жањы Салык кодексинин долбоорунда бир топ
принциптүү маселелерди чечүү каралган, баарынан мурда бул ишкердик
субъекттеринин ишмердигин активдештирүү, инвестициялардын келиши, са-
лыктык администрациялоону сапаттык жактан жакшыртуу, салыктын адилет
салынышы үчүн болушунча ыњгайлуу шарттарды түзүү, салык мыйзамдарын
республиканын башка мыйзамдык актыларына шайкеш келтирүү, Кыргыз Респу-
буликасынын Салык кодексиндеги карама-каршылыктарды жана бирдей эмес
чечмелөөлөрдү жоюу.
Салык реформасы түз салыктардын жүгүн жењилдетүү максатында өлкөдө
салык саясатын өркүндөтүүгө багытталган жанаак ниет салык төлөөчүлөрдү
шыктандырууну көздөйт. Салык реформасы экономикага инвестицияларды тар-
тууга, республиканын өнөр жайлык секторун өнүктүрүүгө шарт түзөт.
II. Концепциянын максаттары жана милдеттери
Салык кызматын өнүктүрүү концепциясынын негизги максаты чарбакер
субъекттердин ишмердигин активдештирүү жана өлкөнүн экономикасына тике
инвестициялардын келиши үчүн болушунча ыњгайлуу экономикалык шарттарды
түзүүгө өбөлгө болуучу негизги багыттарды аныктоо, мамлекеттик
өнүктүрүү программаларын аткаруу болуп эсептелет.
Бул үчүн салыктардын жыйналышын арттыруунун жана аларды төлөбөй
коюу учурларын азайтуунун эсебинен салыктардын жакшы түшүшүнө жетишүү,
салык төлөөчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу, аларга салыктык милдеттенмелерин
аткаруу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле Салык кызматынын
өзүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.
Салык саясаты тармагында реформа жүргүзүүнүн негизи болуп
төмөнкүдөй стратегиялык милдеттерди аткаруу эсептелет:
- салык мыйзамдарын реформалоо жана өркүндөтүү;
- Салык кызматын башкаруу системасын өркүндөтүү;
- Салык кызматынын маалыматтык-техникалык саясатын өнүктүрүү;
- Салык кызматынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү.
1. Салык мыйзамдарын реформалоо жана өркүндөтүү
Салык мыйзамдарын реформалоо салык чөйрөсүндөгү бардык болгон мый-
замдык жана нормативдик актыларды кылдат ревизиялап жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Салык кодексинин жањы редакциясына ылайык нормативдик акты-
лардын долбоорлорун иштеп чыгууну көздөйт.
Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоору салык салуунун
төмөнкүдөй негизги припциптерине: салык салуунун милдеттүүлүгүнө, анык-
тыгына, адилеттүүлүгүнө, салык системасынын бирдиктүүлүгүнө жана инвес-
торлор үчүн салык режиминин стабилдүүлүгүнө негизделген.
2. Салык кызматын башкаруу системасын өркүндөтүү
Салык кызматын башкаруу системасын өркүндөтүү максатында башкаруу-
нун натыйжалуураак системасын уюштуруу жана иштеп чыгуу, борбордук баш-
каруу органынын жана ведомстволук салык органдарынын уюштуруу структу-
раларын оптималдаштыруу, салык органдарынын кызматкерлеринин коррупция-
лашуу дењгээлин азайтуу жана кадрлык потенциалды күчтөндүрүү зарыл.
Республиканын Салык кызматынын учурдагы кадр саясатын өзгөртүү за-
рыл, анын негизги милдеттеринин бири салык органдарынын кызматкерлерин
даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп эсептелет. Учурдун та-
лаптарына жана салык органдарынын милдеттерине жооп берүүчү кесиптик
билим берүүнү жогорулатуу системасына жањыча мамиле зарыл.
3. Салык кызматынын маалыматтык-техникалык
саясатын өнүктүрүү
Салык кызматын автоматташтырууну жана компьютерлештирүүнү, мындан
аркы келечекте аны ишке ашыруунун механизмдерин өнүктүрүү бул Концепци-
янын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Салык кызматын автоматташтыруу жана компь-
ютерлештирүү - бул маалыматтык технологияларды иштеп чыгууга, кир-
гизүүгө жана салык органдарынын ишинде маалыматтык-техникалык каражат-
тарды колдонууга байланыштуу максаттардын, милдеттердин, принциптердин,
натыйжалуулуктун критерийлеринин жана алардан келип чыгуучу уюштуруучу-
лук жана техникалык чаралардын практикада ишке ашырылчу системасы.
Негизги чаралардын бири салык төлөөчүлөрдүн ишмердигине автомат-
таштырылган комплекстүү талдоо жүргүзү, аларды текшерүү үчүн тандоо, ар
кыл булактардын алынчу кыйыр маалыматтар боюнча иш жүзүндөгү базасын
аныктоо үчүн методикаларды иштеп чыгуу болуп эсептелет.
4. Салык кызматынын материалдык-техникалык
базасын өнүктүрүү
Республиканын салык органдарынын материалдык-техникалык жана соци-
алдык базасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү Салык кызматынын кызматкерлери
үчүн зарыл эмгек шарттарын түзүүнү, администрациялык имараттарды алууну
жана курууну, капиталдык ремонттоону, автомобиль паркын жањылоону, са-
лык органдарынын кызматкерлерин форма кийим менен камсыздоону, иш орун-
дарды керектүү оргтехника, шаймандар жана байланыш каражаттары менен
жабдууну көздөйт.
Салык реформасын натыйжалуураак жүргүзүү үчүн салык органдырынын
структурасын, салык инспекцияларын капиталдык куруу, реконструкциялоо,
жайгаштыруу боюнча капиталдык салымдардын планын аныктоо зарыл.
III. Колдонуудагы салык системасын талдоо
Баштапкы маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш-
туу Мамлекеттик салык инспекциясы 2006-жылы 9602,5 млн. сом суммада са-
лыктарды жана жыйымдарды алган, бул 93002,7 млн. сом көлөмдө белгилен-
ген божомолдун 103,2%ин түзөт. Салыктардын жана жыйымдардын алынышы
2005-жылга салыштырганда 876,1 млн. сомго же номиналдык маанисинде
10,0% жана реалдуу маанисинде 0,8% көбөйгөн. Кирешелердин ИДПга карата
үлүшү 8,5%ти түздү жана өткөн 2005-жылга салыштырганда 0,2 проценттик
пунктка азайган.
Ички дүњ продукт (ИДП) 2006-жылы (баштапкы баалоо боюнча иш
жүзүндөгү ИДП) 113175,6 млн. сомду түздү, бул 2005-жылдагы көрсөткүчкө
караганда 12,2% көп, ИДПнын дефлятору - 109,2%.
Акыркы беш жылга салык органдары жыйнап жаткан кирешелердин
түшүүсү жыл сайын орто эсеп менен 10,0% же 747,0 млн. сомго көбөйүп
жатканы байкалууда. Кирешелердин түшүүсүнүн мындай көбөйүшү төмөнкүдөй
багыттардын эсебинен камсыздалды:
- жеке адамдар патенттик негизде жүргүзүүчү ишкердиктин түрлөрүнүн
тизмеси кењейтилди;
- экономикалык ишмердиктин айрым түрлөрү үчүн салык салуунун
жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы киргизилди;
- салыктан жењилдиктерди берүү чектелди;
- жергиликтүү салыктар жана жыйымдар системасы шайкеш келтирилди;
- салык төлөөчүлөрдүн маалымдуудугу жакшыртылды.
Алсак, 2001-жылы салыктар 5866,9 млн. сом же ИДПга карага 7,9%,
2002-жылы - 6661,4 млн. сом (8,2%), 2003-жылы - 7398,8 млн. сом же
(8,8%), 2004-жылы - 7897,3 млн. сом (8,4%), 2005-жылы - 8726,4 млн. сом
(8,6%), 2006-жылы (баштапкы маалыматтар боюнча) - 9602,5 млн. сом
(8,5%) болду.
МСИнин кирешелеринин динамикасы, 2001-2006-жылдар
(мињ сом)
-----------------------------------------------------------------------
| | болжол | факт | аткаруу % |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|2001-жыл | 5907856,9 | 5866903,1 | 99,3 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|2002-жыл | 6651697,6 | 6661376,8 | 100,1 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (% менен) | 112,6 | 113,5 | 100,8 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (мињ сом) | 743840,7 | 794473,7 | 106,8 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|2003-жыл | 7464464,9 | 7398813,8 | 99,1 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (% менен) | 112,2 | 111,1 | 99,0 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (мињ сом) | 812767,3 | 737437,0 | 90,7 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|2004-жыл | 7901034,3 | 7897282,0 | 100,0 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (% менен) | 105,8 | 106,7 | 100,8 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (мињ сом) | 436569,4 | 498468,2 | 114,2 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|2005-жыл | 8566669,9 | 8726382,6 | 101,9 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (% менен) | 108,4 | 110,5 | 101,9 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (мињ сом) | 665635,6 | 829100,6 | 124,6 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|2006-жыл | 9302744,8 | 9602541,9 | 103,2 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (% менен) | 108,6 | 110,0 | 101,3 |
|-------------------------|---------------|---------------|-----------|
|өсүш темпи (мињ сом) | 736074,9 | 876159,3 | 119,0 |
-----------------------------------------------------------------------
IV. Кыргыз Республикасынын салык системасын реформалоонун
негизги багыттары
1. Салык мыйзамдарын реформалоо жана өркүндөтүү
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редак-
циясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосунда
турат.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясын иштеп чы-
гуунун негизги максаты Салык кодексиндеги жана башка колдонуудагы нор-
мативдик укуктук актылардагы бардык карама-каршылыктарды жоюуну жана
салыктар менен жыйымдарга бирдиктүү администрациялоо колдонууну
көздөйт.
Жањы Кодекстин негизине салык салуунун төмөнкүдөй негизги приниип-
тери түптөлгөн:
- салык салуунун аныктык принциби;
- салык салуунун адилеттүүлүк принциби;
- салык системасынын бирдейлик принциби;
- салык режиминин туруктуулугу;
- ачык-айкындык принциби;
- бюджеттин кирешелеринин жетиштүү болушу;
- жөнөкөйлүгү жана түшүнүктүүлүгү.
Салыктар жана жыйымдар басмырлоочу мүнөздө болууга жана социалдык,
расалык, улуттук, диний жана башка ушул сыяктуу критерийлерге жараша
айырмалап колдонулушу мүмкүн эмес. Салык режими инвестицияларды тартуу
максатында туруктуу мүнөздө болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясынын долбоо-
рунда салыктарды жана жыйымдарды администрациялоону жакшыртуунун эсеби-
нен салык төлөөчүлөргө салыктын оордугун жењилдетүүгө арналган бир ка-
тар нормалар бар, ал үчүн төмөнкүлөр белгиленүүдө:
- салыктык контролдоонун, Салык кызматынын нормативдик укуктук ак-
тыларынын жана билдирүүлөрүнүн, салык кызматынын органдарынын кызмат-
керлеринин аракеттеринин (аракетсиздигинин) үстүнөн даттануунун, ошон-
дой эле салык боюнча эреже бузууларды кароонун жана алар үчүн жоопко
тартуунун тартибин өзгөртүү;
- бюджетке түшүү үлүшү анчейин болгон жергиликтүү салыктардын жана
жыйымдардын айрым түрлөрүн жоюу менен бир учурда эле жергиликтүү салык-
тарды жана жыйымдарды алуунун системасын өркүндөтүү;
- ири ишканалардын иштерине мониторинг жүргүзүү;
- салык төлөөчүлөрдү бир терезе принциби боюнча каттоону жана са-
лыктарды жана жыйымдарды төлөөнүн жол-жобосун жүргүзүү;
- КНСтин ордун толтурууну контролдоонун жањы формаларын киргизүү;
- акцизделчү товарлардын өндүрүлүшүн жана сатылышын контролдоо;
- акциздик маркаларды эсепке алуунун жана контролдоонун системасын
киргизүү;
- салык боюнча бардык отчеттордун камералык текшерилишин камсыз-
доо;
- салык салуу максатында резидент эместерди эсепке алууну жакшыр-
туу;
- салык боюнча отчетторду даярдоонун жана жиберүүнүн, алуунун
электрондук системасын (электрондук документ) жана салык төлөөчүлөрдүн
салык боюнча отчет берүүсүнүн башка ыкмаларын киргизүү;
- салыктык текшерүүнү (салыктык аудитти) электрондук контролдоо
жана салык инспекторлорун такай рейтингдеп туруу;
- төөлөгө жөндөмсүз жана банкрот болгон чарбакер субъекттерди
электрондук контролдоо;
- салык төлөөчүлөрдүн маалыматтык системалар менен иштеши үчүн
Web-портал жана электрондук документ жүгүртүүнүн ведомстволук система-
сын түзүү.
Бул максаттарга жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- салыктык отчеттун электрондук формасын, КНС боюнча салык
төлөөчүлөрдүн регистрациялык базасын, кабыл алуунун жана иштетүүнүн
системасын киргизүү менен бир эле учурда нормативдик укуктук документ-
тердин долбоорлорун, салыктык декларациялардын, отчеттордун,
эсептөөлөрдүн формаларын иштеп чыгуу;
- товарлардын агымын байкоого алуу жана контролдоо максатында КНС
боюнча эсептик-фактураларды эсепке алуу системасын өркүндөтүү;
- салык салынчу төлөөчү булактын кирешелерин эсепке алуу система-
сын ар бир салык төлөөчү боюнча ал кирешелерди алуучулардын маалыматтык
базасын түзүү менен иштеп чыгуу;
- салык салууга байланыштуу маалыматтын тууралыгын жана толукту-
гун, оперативдик маалыматты алуу үчүн убакыттын үнөмдөлүшүн, салык инс-
пекторлордун убактысын натыйжасыз пайдалануудан болгон коромжулуктарды,
зсеп системасындагы кемчиликтерден болуучу коромжулуктарды азайтууну
камсыздоочу комплекстүү салыктык администрациялоонун маалыматтык систе-
масын киргизүү, салык төлөөчүлөрдүн маалыматтарынын керектүү базасынын
болушу;
- KITIS системасынын алгоритмин жањы жобого ылайык келтирүү макса-
тында кайра куруу;
- ири ишканаларды электродук мониторингдөө системасын түзүү;
- Салык мыйзамдарынын нормалары боюнча консультация берүү жана
түшүндүрүү борборун түзүү;
- салык төлөөчүлөрдү автоматташтырылган фискалдык администрацияло-
ону түзүү.
Бул көрсөтүлгөн багыттарды салык мыйзамдарын өркүндөтүү менен чо-
гуу ишке ашыруу бюджетке салыктардын жана жыйымдардын түзүүсүн жакшыр-
тууга жана көбөйтүүгө өбөлгө болууга тийиш.
2. Салык кызматын башкаруу системасын өркүндөтүү
Салык кызматын башкаруу системасын реформалоонун негизи багыттары
болуп төмөнкүдөй милдеттер эсептелет:
- башкаруунун натыйжалуу системасын уюштуруу жана иштеп чыгуу;
- борбордук башкаруу органынын жана ведомстволук салык органдары-
нын уюштуруу структураларын өркүндөтүү, алардын арасында функцияларды
оптималдуу бөлүштүрүү жана функциялык мамилелерди өркүндөтүү;
- салыктарды жана жыйымдарды сапаттуу администрациялоо;
- оперативдик процесстерди, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
жөнүндө маалыматты эсепке алуунун жана иштетүүнүн маалыматтык базаларын
автоматташтырууну өркүндөтүү;
- божомолдук көрсөткүчтөрдү аткаруунун туура болжолдонушу;
- коррупциянын дењгээлин азайтуу;
- кадрлык потенциалды күчтөндүрүү.
Салык кызматын башкаруунун колдонулуп жаткан системасында чечиле
элек бир топ проблемалар бар, алар:
- салык кызматын башкаруу системасында функциялардын жана ыйгарым
укуктардын так бөлүштүрүлбөгөнү;
- ири салык төлөөчүлөрдү администрациялоо системасы жетик эмести-
ги;
- бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча маалыматтарды эсепке ал-
чунун жана иштетүүнүн маалыматтар базасында оперативдик процесстер ав-
томатташтырылбаганы;
- салык кызматынын кызматкерлеринде кесиптик даярдыктын дењгээли
төмөндүгү.
Башкаруу системасын реформалоо боюнча коюлган милдеттерди аткаруу
үчүн Салык кызматы төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүүнү белгилеп жатат:
- структуранын ичиндеги маалыматтардын, ошондой эле кириш жана чы-
гыш маалыматтардын жүрүшүн изилдөө жана уюштурулушун жакшыртуу (тапшыр-
малардын жогору турган подразделениелерден райондук дењгээлге кайтала-
нышы жана маалыматтык агымдарды оптималдаштыруу, башкармалыктардын опе-
ративдүүлүк дењгээлин жана аткаруучулук тартипти жогорулатуу);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-
пекциясынын борбордук жана райондук дењгээлдердеги уюштуруу структура-
сын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн функциялык талдоо
жүргүзүү;
- облустук жана райондук мамлекеттик салык ииспекцияларынын функ-
цияларын кайра карап чыгуу, жањы базалык методикаларды иштеп чыгуу жана
киргизүү, салыктык жана бажылык карыздарды азайтуу боюнча иш процесс-
терди оптималдаштыруу;
- салыктык аудиттин структуралык-уюштуруу жактарын изилдөө жана
өркүндөтүү, базалык методикаларды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- салык төлөөчүлөрдү каттоо системасынын толуктугун текшерүү;
идентификациялоо, түшүндүрүү ишин жүргүзүү, катталбаган салык
төлөөчүлөрдү издөө маселелерин чечүүдө проблеманы изилдөө, анын ичинде
башка органдар менен кызматташып изилдөө;
- салык төлөөчүлөрдү эсепке алуунун базасын декларациялардын тап-
шырылышы боюнча талдоо жана инвентаризациялоо (сунуштарды жана рекомен-
дацияларды иштеп чыгуу үчүн отчетту узак убакыт бою бербөөнүн себепте-
рин жана шарттарын аныктоо);
- Салык кызматынын кызматкерлеринин билим дењгээлин жогорулатуу.
Кызматкерлерди аттестациялоонун жана квалификациясын жогорулатуунун
жањы методдорун киргизүү;
- кадрлык потенциалды: билим дењгээлин, кесипке жарактулукту, ээ-
леген кызмат орунга ылайыктуулукту жогорулатуу.
Салык кызматын башкаруу системасы өлкөнүн администрациялык-аймак-
тык бөлүнүшүнүн өзгөрүшүн эске алуу менен жана колдонуудагы мыйзамдар-
дагы өзгөртүүлөргө жараша коррекцияланып турат.
Салыктык администрациялоону реформалоо жана модернизациялоо азыркы
учурдагы салыктык администрациялоонун негизги принциптерине негиздел-
ген:
- салыктарды ыктыярдуу төлөө - салыктарды ыктыярдуу төлөөгө жардам
кылуучу чараларды көрүү, б.а. салыктык милдеттенмелерди салык органда-
рынын кийлигишүүсүз аткаруу;
- салыктарды өзү эсептөө - салыктык милдеттенмелерди ыктыярдуу ат-
каруунун алкагында салык төлөөчүлөр салыктарды өздөрү эсептеши пландаш-
тырылып жатат, мында алар өздөрүнүн салыктык милдеттенмелерин эсептешет
жана салык органдарынын чектелген катышуусу, эњ башкысы салык органдары
берген маалыматтардын жана көрсөткөн кызматтардын жардамы менен салык-
тык декларацияларды беришет;
- контактты азайтуу - өзү эсептөө салык төлөөчүлөр менен салык ор-
гандарынын контакттары азайышына алып келет, бул коррупциянын
мүмкүндүгүн азайтат;
- салыктык текшерүүлөрдүн натыйжалуу системасы - салык эрежесин
бузуу фактору бар болуп жаткандыктан, салыктык текшерүүлөрдүн натыйжа-
луу системасын түзүү зарыл. Салыктык текшерүүлөр көрсөткүчтөрдү комп-
лекстүү талдоонун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш;
- санкциялардын жана айыптардын натыйжалуу системасы - салыктык
текшерүүлөрдүн натыйжалуу системасы жана тийиштүү механизмдер салык
эрежесин бузгандарды тез табууга мүмкүндүк берет, демек санкциялардын
жана айыптардын натыйжалуу системасы түзүлүүгө тийиш;
- ИКТнын дењгээлин жогорулатуу - ИКТнын дењгээлин иш процессин
кайра куруу менен тыгыз байлаштырып жогорулатуу жогоруда айтылган ре-
формаларга көмөкчү болот.
Салык кызматы салыктык администрациялоону жана модернизациялоону
үч компонент менен ишке ашыруусу зарыл, алар: институттук чыњдоо, мате-
риалдык абалды жакшыртуу жана квалификациясын жогорулатуу. Бул компо-
ненттен инвестициялык долбоорлор аркылуу ишке ашырылса болот:
1-компонент - Институттук чыњдоо.
Бул компонент төмөнкүдөй подкомпоненттерден турат:
- Реформа стратегиясы:
- өзгөртүүлөрдү башкаруунун багытын/миссиясын жана схемасын камты-
ган стратегиялык планды түзүү;
- салык органдарынын функциялык бөлүмдөрү реформалоо жана модерни-
зациялоо боюнча милдеттерди графикке ылайык аткарышындагы натыйжалуулук
көрсөткүчтөрүн түзүү;
- Салык төлөөчүлөрдү каттоо:
- ККМны каттоо боюнча жөнөкөйлөтүлгөн эрежелерди кабыл алуу;
- салык төлөөчүлөрдү каттоо үчүн мамлекеттик органдар менен бир-
дикте бир терезе түзүү;
- ИННди Социалдык фонддун идентификациялык номерлерине салыштырып
текшерүү;
- жањы Салык кодексинин алкагында кайра каттоо.
- Декларацияларды берүү:
- Декларацияларды, отчетторду, эсептөөлөрдү берүүнүн электрондук
системасын баарыдан мурда ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалы-
гында түзүү;
- бардык салык төлөөчү агенттерге (бухгалтерлерге) өз кардарларын
декларацияны электрондук түрдө берүүгө үйрөтүү талабын белгилөө;
- салык төлөөчүлөрдү декларацияны жана төлөмдөрдү электрондук
түрдө берүүгө шыктандыруу.
- Төлөмдөр:
- төлөм тапшырмаларын банктардан салык инспекцияларына так жана
тез өткөрүп берилчү системаны уюштуруу;
- патенттер боюнча төлөөнүн альтернативдүү методдорун иштеп чыгуу;
- маалыматтарды банктардан салык инспекцияларына берүү менен бир
убакта РОКторго кайрылбастан такай текшерип туруу максатында казыналык
менен маалымат алмашуунун механизмин кылдат кайра кароо.
- Декларацияларды иштетип чыгуу:
- маалыматтар эки жолу киргизилип калышын болтурбоо жана жањылыш-
тыктарды азайтуу үчүн банктар декларациялардын жана төлөмдөрдүн маалы-
маттарын Салык кызматынын системасына түздөн түз киргизүү үчүн пайдала-
нышы мүмкүн болгон маалыматтарды киргизүү системасын түзүү;
- маалыматтар эки жолу киргизилип калышын болтурбоо жана жањылыш-
тыктарды азайтуу үчүн КIТIS пайдаланылган салык инспекцияларында маалы-
маттарды Салык кызматынын борбордук маалымат базасына түздөн түз
өткөрүп берүү боюнча модулду активдештирүү;
- декларацияларды тапшырууда билдирүү берүүгө талапты жоюу макса-
тында нормативдик актыларга оњдоолорду киргизүү (андай билдирүүлөр эре-
же бузулган же төлөө кечиктирилген учурда гана жазып берилүүгө тийиш);
- билдирүүлөр автоматтык түрдө жасалышын камсыздоо үчүн KITISти
күчтөндүрүү;
- маалыматтардын электрондук берилишин пайдаланууга шыктандыруу
аркылуу Салык кызматынын маалыматтарды иштетүү боюнча жүгүн жењилдеттү.
- Кем алынган карыздарды башкаруу:
- төлөмдөрдү өндүрүү боюнча кызматкерлерди кем алынган карыздарды
башкаруу жана тийиштүү чараларды колдонуу үчүн программдык продукт ме-
нен камсыздоо;
- Салыктык текшерүүлөр жана КНС боюнча эсептик фактуралар;
- маалыматтарды жана KITIS декларацияларын КНС боюнча эсептик фак-
тураларга салыштырып текшерүү үчүн КНСтин эсептик фактураларын эсепке
алуу системасын толуктап иштеп чыгуу;
- бажы кызматынын маалыматтарын жана KITISтин маалыматтык базасын
салыштыруу үчүн компьютердик системаны иштеп чыгуу;
- эсептик фактураларды басып чыгаруу үчүн типографиялардын санын
чектөө.
- Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгында.
- Ири салык төлөөчүлөрдү котролдоо башкармалыгынын уюштуруучулук
статусун кайра кароо жана күчтөндүрүү;
- Ири салык төөлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы администрацияла-
чу ири салык төөлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү;
- Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгын сунушталган ата-
йын тапшырмага которуу жана анын ИКТ системасын борбордук маалыматтык
базага кошуу;
- Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгында аткаруунун на-
тыйжалуулугун баалоо жана максаттарды белгилөө системасын түзүү;
- Салык төлөөчүлөрдү окутуу жана алар үчүн кызматтар:
- салык төлөөчүлөрдү окутуу жана тейлөө боюнча бөлүмдөрдү, анын
ичинде атайын тапшырмада каралган информациялык-маалыматтык борбор
түзүү;
- декларацияларды ыктыярдуу тапшырууга жана өзү эсептөөгө көмөк
көрсөтүү максатында салык төлөөчүлөр үчүн да, салык органдарынын кыз-
маткерлери үчүн да маалыматтарга болгон керектөөнү такай жана система-
луу аныктоо процессин түзүү жана тийиштүү маалыматтык өнөктүк жүргүзүү;
- декларацияларды ыктыярдуу тапшыруу жана салыкты өзү эсептөө про-
цессин жењилдетүү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн салык формаларын иштеп чыгуу жа-
на таратуу;
- салык төлөөчүлөрдү маалымдап туруу жана окутуу максатында жеке
сектор менен өнөктүк мамиле түзүү.
2-компонент - Физикалык абалды жакшыртуу:
Бул компонент инвестициялык долбоордун негизги бөлүгү болуп эсеп-
телет:
- борбордук маалымат базасын түзүү;
- салык инспекцияларын туташтыруу үчүн адегенде пилоттук долбоор
аркылуу кењири тармак түзүү;
- серверлин тиркемелерин борбордоштурулган жана корголгон система
аркылуу сервер/кардар иретинде берүү үчүн тиркемелерди виртуалдаштыруу;
- инспекциялар боюнча пилоттук программа аркылуу KITISти жалпы
улуттук дењгээлге таратуу;
- МСИде, казыналыкта, КРУБда, СФда жана башка тийиштүү мамлекеттик
ведомстволордо маалыматтарды алмашуунун натыйжалуу системасын түзүү;
- маалыматтарды калыбына келтирүүнүн борбордук маалымат базасына
туташтырылган обочолонгон борборун түзүү;
- Декларацияларды пилоттук долбоор аркылуу УККНге электрондук
берүү үчүн функцияны түзүү;
- атайын тапшырма үчүн бөлмө-жайларды алуу, аларга төмөнкүлөр жай-
гаштырылмакчы: борбордук маалыматтык база жана ИКТ/АСУнун башка жабдуу-
лары; УККН, Бишкек шаардык салык инспекциясы; информациялык-маалыматык
борбор жана салык органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу борбору.
3-компонент - Кадрлык өнүктүрүү:
Уюштуруу жагынан чыњдоо жана физикалык абалды жакшыртуу менен бир-
ге МСИ кызматкерлерин төмөнкүлөргө окутуу зарыл:
- KITIS системасын жана башка ИКТ системаларын башкарууга;
- тобокелди баалоого негизделген салыктык текшерүүлөр процессине
көмөктөшүү максатында маалыматтарды топтоого жана бизнес-аналитикага;
- салык төлөөнүн жалпы маселелерине жана конкреттүү ишканалар бо-
юнча;
- салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү жана аларды окутуу практика-
сына.
Бул окутуу МСИнин атайын адистештирилген имаратына жайгаштырылчу
окутуу борборунда жүргүзүлөт, ошондой эле чет өлкөлөргө барып окуу жолу
менен ишке ашырылат.
3. Салык кызматынын маалыматтык-техникалык саясатын
өнүктүрүү
Салык кызматын компьютерлештирүү жана автоматташтыруу саясаты за-
манбап маалыматтык технологияларды киргизүүнү, администрациялоонун
комплекстүү системасын түзүү жана бардык дењгээлдердеги салык органда-
рынын иш пратикасына киргизүү үчүн уюштуруучулук-методологиялык иштин
саясатын өзгөртүүнү көздөйт, анын максаты:
- талдоону жакшыртуу, методологиялык, нормативдик укуктук жана ме-
тоддук базаларды системалаштыруу;
- жањы маалыматтык технологияларды жана техникалык каражатарды
пайдалануу үчүн салык кызматтарынын кызматкерлеринин даярдык дењгээлде-
рин жогорулатуу;
- нормативдик укуктук жана методикалык базаны талдоонун жана опти-
малдаштыруунун негизинде алдын алуучу колдонмо программалык продукту-
ларды иштеп чыгуу;
- материалдык-техникалык ресурстарды артыкчылыктуу багыттарга топ-
тоштуруу жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу;
- чогултулган маалыматтарды талдоонун заманбап ыкмаларынын неги-
зинде ар кандай жасалмалыктарды аныктоо мүмкүндүгүн көбөйтүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чектеш кызматтарынын ЕврАзЕс-
ке катышкан башка мамлекеттердин ушул сыяктуу кызматтары менен маалы-
маттык технологияларга карата азыркы учурдагы талаптардын дењгээлинде
маалыматтык өз ара байланышта иштетүү мүмкүндүгүн камсыздоо.
Компьютерлештирүү жана автоматташтыруу саясатынын негизги компо-
неттери:
а) мыйзамдык жагынан:
- Салык кодексин иштеп чыгууда жана оњдоолорду, түшүндүрмөлөрдү
киргизүүдө маалыматтык кызматтардын ишинде пайдаланылчу маалыматтык
технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана талаптарын эске алуу;
- маалыматты коргоо, сактоо жана жиберүү стандарттарын иштеп чыгуу
жана колдонууга киргизүү процессине демилге көтөрүү, маалыматты коргоо-
нун мындай комплекстерин пайдалануунун протоколун тийиштүү институттар
жана кызматтар менен макулдашчу.
5) уюштуруу жагынан:
- маалыматтардын агымын оптималдаштыруу (кайталоолорду жана кара-
ма-каршылыктарды азайтуу жана болтурбоо) максатында талдоо жүргүзүү;
- экономикалык маалыматты сактоонун, иштетүүнүн жана алмашуунун
дүйнөлүк практикада бар жана колдонулган алдыњкы нормаларын жана стан-
дарттарын изилдөө;
- Салык кызматынын кызматкерлерин жана маалыматтык-техникалык ба-
гыттагы адистерди заманбап маалыматтык технологияларды жана техникалык
каражаттарды кењири пайдалануу шартында иштөөгө даярдоонун керектүү
дењгээлин камсыздоо;
- инспекторлордун компьютерге сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ту-
руктуу иштеген курстарды ачуу жана уюштуруу.
в) аппараттык-техникалык жагынан:
- райондук дењгээлден баштап бардык адистердин иш орундарын заман-
бап жеке компьютерлер, ишеничтүүлүгү, маалыматты сактоочу түзүлүшүн сы-
йымдуулугу боюнча мыкты (оператордук жумушту болтурбоочу) мүнөздөгү,
модемдик байланыштын аппараттары жана үзгүлтүксүз азыктандыруунун жеке-
че системалары менен камсыздалган, аркы-терки байланышуу мүмкүндүгү бар
атайын бөлүнгөн серверлер менен жабдуу.
Салык кызматын компьютерлештирүү жана автоматташтыруу төмөнкүдөй
мүмкүндүктөрдү берет.
- салыктарды жыйноо, эсеп жана отчет процессинин натыйжалуулугун
жогорулатат;
- салыктарды администрациялоо процессинде адамдык факторду (салык
кызматынын инспекторлорун) максимум болтурбайт;
- Салык кызматынын системасы, салык органдарынын иштери жөнүндө
отчеттор, экономикалык ишмердиктин субъектилери жөнүндө толук жана туу-
ра маалыматты автоматташтырылган берүү кызматтарын тейлөөнү жакшыртат
(маалыматтын толуктугу суроо жиберилген объектинин статусуна жараша бо-
лот).
Салык кызматын компьютерлештирүү жана автоматташтыруу боюнча
иш-чараларды ишке ашырууга АКШнын 6,5 млн. доллары же 253,5 млн. сомго
жакын акча керек.
4. Салык кызматынын материалдык-техникалык
базасын өнүктүрүү
Ведомстволук салык подразделениелеринин активдеринин абалын талдо-
одо салык органдарынын материалдык-техникалык базасынын абалы азыркы
учурда канаттанарлык эмес экени жана бүгүнкү күндүн талабына ылайык
эмес экени көрүндү.
Ушуга байланыштуу республикасын салык органдарынын материал-
дык-техникалык базасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү, салык инспекторлоруна
керектүү эмгек шарттарын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы азыр имараттарды ижара-
га алып жатышкан салык инспекциялары үчүн 2007-2012-жылдарда админист-
рациялык имараттарды сатып алууну жана курууну, колдо болгон админист-
рациялык имараттарды капиталдык ремонттоону, иш орундарды керектүү
офистик эмерек жана шаймандар, оргтехника жана байланыш каражаттары ме-
нен жабдууну белгилеп жатат.
Республиканын салык органдарынын структурасында - 7 облус жана
Бишкек, Ош шаарлары, 55 райондук салык инспекциялары бар. Бардыгы болуп
салык кызматында 64 структуралык бөлүм бар.
Облустуктарды кошкондо 64 райондук жана шаардык салык инспекциянын
ичинен 48 мамлекеттик салык инспекциясында өз имараттары бар, калган 16
салык инспекция имаратты ар кайсы уюмдардан, анын ичинде мамлекеттик
структуралардан ижарага алып турушат.
Администрациялык имараттарды сатып алуу үчүн баалоо маалыматтры
боюнча 65,5 млн. сомго жакын керек.
Бир нечесинен башка дээрлик бардык салык инспекцияларда акча кара-
жаттын жоктугунан имаратты алган күндөн бери ремонт жасала элек. Район-
дордогу администрациялык имараттардын көбү жылытылбайт.
Электр энергиясы такай өчүрүлөн. Бүгүнкү күндө администрациялык
имараттарды жана бөлмөлөрдү капиталдык жана утурумдук ремонттоо зарыл-
дыгы курч.
Администрациялык имараттарды капиталдык жана утурумдук ремонттоого
баалоо маалыматтары боюнча 449 млн. сомго жакын зарыл.
Азыркы учурда негизинен бардык салык инспекцияларда советтик пар-
тиялык органдардан калган эмерек эскирген. Райондук, шаардык, облустук
мамлекеттик салык инспекциялардын кызматкерлерине нормалдуу эмгек шар-
тын түзүү үчүн офистик кабинеттерди керектүү эмерек жана шаймандар: же-
текчилер үчүн эмеректин комплектилери, кызматкерлер үчүн офистик стол-
дор, кагаз үчүн, кийим үчүн шкафтар, металл шкафтар менен жабдуу зарыл.
Баалоо маалыматтары боюнча бул иштерге чыгым 63,2 млн. сом болот.
Азыр райондук, шаардык жана облустук салык инспекцияларынын ба-
ланстарында иш үчүп керектүү сандагы оргтехника жана байланыш каражат-
тары жок, ал эми болгондору - эскирген жана моралдык жактан да эски.
Эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык органдарына коюл-
ган милдеттерди аткаруу үчүн аларды керектүү байланыш каражаттары жана
оргтехника: ксерокс, факс, телефон аппараттар, сканерлер, кондиционер,
резервдүү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен жабдуу зарыл.
Салык кызматынын негизги милдети салыктарды чогултуу экени бел-
гилүү. Бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктардын түшүүсүнүн булактарынын
бири патенттөө болуп эсептелет.
Оперативдүүлүктүн жана материалдык-техникалык жабдуунун жоктугу
патенттерди берүүдөгү жана чарбакер субъекттерде экономикалык ишмердик
жүргүзүүгө уруксат документтери бар экенин контролдук текшерүү боюнча
иштеги негизги кемчиликтердин бири болуп эсептелет.
Республиканын чоњ базарларында, чакан базарларында жана соода жай-
ларында патенттерди берүү боюнча иштин майнаптуулугун арттыруу үчүн ба-
зарлардагы патент берүү боюнча пункттарды жана салык кызматынын
бөлүмдөрүн төмөнкүдөй техникалык жабдуу зарыл:
- өрткө каршы жана техникалык-эксплуатациялык талаптарга жооп
берүүчү жайлар менен;
- телефондук жана модемдик байланыш менен;
- кызматтык техника (компьютерлер, сканерлер, ксерокстор) менен;
- салык органдарынын арасында маалымат алмашуу үчүн электрондук
почта жана локалдык тармак менен;
- ыкчамдык жана иш убактыны үнөмдөө үчүн кызматтык автомашиналар
(жењил автомашиналар, микроавтобустар ж.б.) менен;
- маалыматты салык төлөөчүлөргө жалпы жеткирүү үчүн радиотүйүн ме-
нен.
Салык төлөөчүлөрдү издөө боюнча иштерди жүргүзүү үчүн салык
төлөөчүлөрдү издөө боюнча иштеген салык инспекцияларынын кызматкерлери-
нин ишинин ыкчамдыгын жана майнаптуулугун арттыруу максатында транс-
порттук чыгымдарды төлөөгө жана автомашиналарды сатып алууга каражат
бөлүү караштырылат.
Бул иш-чараларга болжолдуу чыгымдар 30,0 млн. сом болот.
Салык кызматынын бардык кызматкерлер курамын форма кийим менен
камсыздоо үчүн 18,6 млн. сом кароо зарыл.
Салык органдарынын автопаркын жањы автомашиналар менен жањылоо та-
лап кылынат, анткени колдо болгон автомашиналар 1983-1995-жылдарда чы-
гарылгандар. Бүгүнкү күндө салык органдарынын балансында турган 114
бирдик автопарктын ичинен эксплуатациялоого жараксыз жана мындан ары
кармоо рентабелсиз 46 автомашинаны эсептен чыгаруу зарыл. Алдыдагы эки
жылдын ичинде автопарктын эксплуатациялоо үчүн белгиленген нормасы иш-
тетилип бүткөн 20-25 бирдигин эсептен чыгаруу алдыда турат.
Жањы автомашиналарга болгон муктаждык 150 бирдикти түзөт. Айрым
райондор үчүн россиядан чыгарылган өтүмдүүлүгү жогору автомашиналарды
алуу ылайык, анткени мындай автомашиналарды эксплуатациялоо жөнөкөй,
аларды кармоого, оњдоого жана запас тетиктерди алууга чыгымдар арзаны-
раак болот.
Бул иш-чараларга баалоо маалыматтары боюнча чыгымдар 42,5 млн.
сомду түзөт.
Ошентип, салык органдарынын материалдык-техникалык базасын
өнүктүрүү үчүн материалдык ресурстарга болгон болжолдуу керектөө 264,9
млн. сомду түзөт.
Салык кызматынын материалдык-техникалык базасын 2007-2012-жылдарда
натыйжалуу өнүктүрүү максатында зарылдар:
- республикалык бюджеттен каражат табуу;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү бюд-
жеттерден каражат тартуу боюнча иш жүргүзүү;
- чет өлкөлүк донорлордун грант каражаттарын тартуу боюнча ишти
активдештирүү.
Жалпысынан Салык кызматын компьютерлештирүү жана автоматташтыруу,
салык органдарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү боюнча
иш-чараларды аткарууга болжолдуу керектөө 518,4 млн. сомду же 13,3 млн.
АКШ долларын түзөт. Бул Концепциянын алкагында каралган иш-чаралар Ази-
ялык өнүктүрүү банкы бөлүп берүүчү 10,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү
кредиттик жана грант каражаттардын жана USAID берүүчү 0,3 млн. АКШ дол-
ларыыын эсебинен ишке ашырылат. Долбоордун Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан кошо каржыланчу бөлүгү 2,5 млн. АКШ долларын же 100
млн. сомго жакынды түзөт.
V. Корутунду
Кыргыз Республикасынын Салык кызматын реформалоонун жана
өнүктүрүүнүн белгиленип жаткан процессинин натыйжасы төмөнкүдөй болууга
тийиш:
- туруктуу салык режими, анык жана акыйкат салык салуу камсызда-
лат, ал жөнөкөй, түшүнүктүү жана карама-каршылыктарсыз болушу керек;
- башкаруу системасы натыйжалуу болот, сактык органдарынын квали-
фикациясы жана кесипкөйлүгү жогорулатылат;
- салыктарды жыйноо процессинин натыйжалуулугу артат, салык эсеби
жана отчеттор автоматташтырылат, маалымат алмашуу ыкчамдалат;
- эмгектин натыйжалуулугу жогорулайт, ошондой эле салык органдары-
нын алдына коюлган милдеттер ыкчам жана өз убагында аткарылат.
Бул Концепцияда салык системасын реформалоо боюнча белгиленген ба-
гыттарды ишке ашыруу салыктардын түшүү дењгээлин көбөйтүүгө жана чарба-
кер субъекттердин экономикалык ишмердигин активдештирүү үчүн ыњгайлуу
шарттарды түзүүгө, инвестицияларды тартууга, көмүскө экономиканын
дењгээлин азайтуута, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жарактуу-
лугун арттырууга, жакырчылыктын дењгээлин азайтууга мүмкүндүк берет.