Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 31-январы №16-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-рлиги менен Литва Республикасынын Социалдык жактан коргоо жана эмгекминистрлигинин ортосундагы социалдык-эмгектик чөйрөдө кызматташуужөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Исабеков Долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен Литва Республикасынын Социалдык жактан коргоо жана эмгек министрлигинин ортосундагы социалдык-эмгектик чөйрөдө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жанасоциалдык жактан коргоо министрлиги менен Литва Республикасынын Социал-дык жактан коргоо жана эмгек министрлиги: Тараптар ортосундагы кызматташтык социалдык-эмгектик чөйрөдө таж-рыйба алмашууга багытталаарын таанып, Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда социалдык-эмгектик чөйрөдөгүмамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө аракеттенип, өзүнүн компетенцияларынын чектеринде аракеттенип, эл аралык мил-деттенмелерди жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын сак-тоо менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыккалкты социалдык жактан коргоо, эмгек, пенсиялык жана социалдык жактанкамсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүшөт. 2-статья Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар-дын ортосундагы кызматташтык төмөнкүлөрдүн чегинде ишке ашырылат: - калкты социалдык жактан коргоо, эмгек, пенсиялык жана социалдыкжактан камсыздоо жаатында мыйзамдык жөнгө салуу; - социалдык-эмгектик мамилелер, эмгекти инспектирлөө, эмгектин ко-опсуздугун, гигиенасын камсыздоо жана эмгек талаш-тартыштарын чечүүжолдору; - социалдык-эмгектик мамилелер маселелери боюнча маалыматтык-ана-литикалык материалдарды алмашуу; - тараптардын эксперттеринин квалификацияларын жогорулатуу жанасоциалдык-эмгектик чөйрөдө тажрыйба алмашуу максатында Тараптардын мам-лекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү конференцияларга, семинарларга жанабашка иш-чараларга катышуу. 3-статья Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө финансылык камсыздоонуөэ мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар өз алдынча ишкеашырышат. 4-статья Бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар ор-тосунда пайда болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктерсүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет. 5-статья Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет. 6-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылколдонууда болот. Эгерде Тараптардын бири дагы кезектеги мезгил аякта-ганга алты ай калганга чейин ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууганиеттенгендиги жөнүндө экинчи Тарапка билдирбесе, анын колдонулушуөзүнөн өзү кийинки беш жылдык мезгилге узартылат. _____________ шаарында 2007-жылдын "__" _____________ ар бири кыр-гыз, литва жана орус тилдеринде эки түп нускада аткарылды, бардык текс-ттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайдаболгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Эмгек Литва Республикасынын жана социалдык жактан коргоо социалдык жактан коргоо жана министрлиги үчүн эмгек министрлиги үчүн