Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 5-февралы №18-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
«Жибек-Жолу» акционердик коомундагы технологиялык жабдуулардын
бирдиктеринин жана алардын түйүндөрүнүн айрымдарынын катардан чыгышына
алып келген себептерди изилдөө, Ысыккөл облусунун Балыкчы шаарына жана
Чүй облусунун Карабалта шаарына көчүрүлгөн технологиялык линиялардын
комплектүүлүгүн, иш жүзүндөгү абалын жана андан ары пайдаланууга
жарактуулугун текшерүү үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министринин орун
басары, ведомстволор аралык комиссиянын
төрагасы,
комиссия мүчөлөрү:
Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана
каржы министрлигинин статс-катчысы,
Макаров А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин
төрагасынын орун басары,
Жунушалиев Т.Ш. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана
туризм министринин орун басары,
Асанов К.А. - «Жибек-Жолу» акционердик коомунун
директорлор кењешинин төрагасы (макулдашуу
боюнча),
Эгемкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин
юридикалык бөлүмүнүн жана кадрлар кызматынын
начальниги,
Филков А.В. - «Агротехдолбоор» акционердик коомунун башкы
инженери (макулдашуу боюнча),
Гафиров Г.А. - «Айлана» жоокерчилиги чектелген коомунун
башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык комиссия текшерүүнү жүргүзүү процессинде
пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл учурларда министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин
ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына текшерүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Исабеков