Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 5-февралы №19-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кен пайдаланууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзам
актыларын өркүндөтүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын отун-энергетика
комплекси, кен казып алуу тармагы жана
жаратылыштык ресурстар бөлүмүнүн башчысы,
комиссиянын төрагасы,
Эшназаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттиктин
директорунун орун басары, комиссиянын
төрагасынын орун басары,
комиссия мүчөлөрү:
Мамыров Р.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты (макулдашуу боюнча),
Тагаев А.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты (макулдашуу боюнча),
Шерниязов Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты (макулдашуу боюнча),
Урманаев С.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты (макулдашуу боюнча),
Жолдошев А.Ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча
мамлекеттик агенттиктин директору,
Саркулов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Өнөр жайлык коопсуздук көзөмөлү
жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик
инспекциянын директору,
Жакыпов А.С. - «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун
президенти (макулдашуу боюнча),
Валитов А.И. - «Кадамжай сурьма комбинаты» ачык
акционердик коомунун башкармасынын
төрагасы (макулдашуу боюнча),
Тургунбаев К.А. - «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик
коомунун башкармасынын төрагасы
(макулдашуу боюнча),
Сазанов А. - «Кумтөр Оперейтинг Компани»
компаниясынын вице-президенти
(макулдашуу боюнча),
Какитаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттиктин Кен
пайдалануу боюнча мамлекеттик
инспекциянын начальниги,
Городнянский И.В. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттиктин Кен
пайдалануу боюнча мамлекеттик
инспекциянын начальнигинин орун басары,
Обомбаев С.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттиктин Кен
пайдалануубоюнча мамлекеттик
инспекциянын начальнигинин орун басары,
КонюховА.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттиктин Геология
жана инвестицияларды тартуу
башкармалыгынын начальнигинин орун
басары,
Алиев Б.А. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана
каржы министрлигинин башкармалыгынын начальниги,
Мандычева В.Н. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода
жана туризм министрлигинин башкы адиси,
Кустков Д.В. - Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигинин башкы адиси,
Жусупова Н.У. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитетинин сектор башчысы,
Абдулдаев М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана
токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин
башкы адиси,
Абдыкадырова Ж.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешиндеги
туруктуу ыйгарым өкүлүнүн эксперти,
Ибраев К.Э. - Дүйнөлүк банктын Грантынын «Институттук
өнүктүрүү фонду» долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн
жетекчиси (макулдашуу боюнча),
Богдецкий В.Н. - Дүйнөлүк банктын Грантынын «Институттук
өнүктүрүү фонду» долбоорун ишке ашыруу
бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча),
Маккинон X. - Эл аралык ишкер кењешинин вице-президенти
(макулдашуу боюнча),
Дүйшеев О.Д. - Геологдор жана кен өнөр жайчылары
ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу тобу төмөнкүлөрдү иштеп чыксын:
- «Жер казналары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жањы
редакциясын;
- «Кен концессиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоорун;
- «Кен пайдаланууда продукциялар бөлүмү жөнүндө макулдашуулар
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоорун;
- «Көмүр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоорун;
- «Нефти жана газ жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун;
- «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбоорун.
3. Ведомстзолор аралык жумушчу тобуна төмөнкүдөй укук берилсин:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз
эксперттерди ишке тартууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан иш үчүн зарыл маалыматтарды
сурап алууга.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана
администрациялык ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык
жумушчу топтун иштерине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун иштерин жалпы уюштуруучулук
жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология
жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине техникалык жетекчилик
Дүйнөлүк банктын Грантынын «Институттук өнүктүрүү фонду» (макулдашуу
боюнча) долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Исабеков