Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 13-февралы № 29 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Бишкек шаарынын ТЭЦиндеги отун менен камсыздоо боюнча абалды эске алып жана республиканын борборунун элин жылуулук энергия жана ысык суу менен үзгүлтүксүз» камсыздоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаарынын ТЭЦинде сактоодо турган 100,0 мин тонна таш көмүрдү аныкталган тартипте брондон чыгарсын жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна мамлекеттик материалдык резервден убактылуу карыз иретинде берсин. 2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна мамлекеттик резервден алынган таш көмүрдүн ордун товардык-материалдык баалуулуктарды карызга алуунун шарттарын эске алуу менен 2007- жылдын 1-сентябрына чейинки мезгилде аныкталган тартипте толуктоо сунушталсын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына, отун- энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылсын. Премьер-министр А.Исабеков