Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-февралы №31-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 132 «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршыкүрөштүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата иш-аракеттердин планын аткаруу боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн чаралар комплексин жана Кыргыз Республикасында2006-2007-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнчамамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчаптурган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттикагенттиктин «Ысыккөл» биосфералык аймагынын башкыдирекциясына видео көзөмөлү бар автоматтык шлагбаумдарынатайын каражаттардын эсебинен белгиленген тартипте сатыпалууга жана «Ысыккөл» биосфералык аймагынын кире беришинеорнотууга уруксат берилсин. 2. Видео көзөмөлү бар автоматтык шлагбаумдарды сатыпалуу жана орнотуу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жанажаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токойчарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн. Премьер-министр А.Исабеков