Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 26-февралы №36-б КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына берилген айыл чарбатехникалары менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыз кылуумаксатында: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду: - айыл чарба техникаларынын көргөзмөгө коюлган зкспонаттарынайылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрсүн; - айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарбалык техниканы берүүгөкредиттик-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 563 «30 млн. юань суммасында Кытай ЭлРеспубликасынын Өкмөтүнүн грантынын багыты боюнча келүүчү айыл чарбатехникаларын жайгаштыруунун тартиби жана берүүнүн шарттары жөнүндө»токтомунда белгиленген шарттарга ылайык аныкталган тартиптетариздесин. 2. «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы: - айыл чарба техникаларынын тизмесин Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунаберсин; - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен бирдикте Алмашуу каттарына кол коюлган күнгөкарата эки өлкөнүн валюталарынын орточо алмашуу курсуна ылайык айылчарба техникаларын сатуу наркын аныктасын; - ишкананын аталган техниканы сатып алууга жана башка ичкисарптоолорго байланыштуу чыгымдарын аныктасын жана бекитүүгө КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигине берсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргызресурстары»мамлекеттик ишканасынын айыл чарбалык техниканы сатып алуугабайланышкан чыгымдарынын ордун Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүнгрантынын линиясы боюнча келген айыл чарбалык техниканы алуучулардынбаштапкы взносторунун каражаттарынын эсебинен толтурсун. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөржай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А. Исабеков