Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-марты № 46-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2006-жылдагы түшүмдү сатууда Талас облусунун төө буурчак өстүргөн айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү стимулдоо жана региондогу социалдык оорчулуктарды жењилдетүү максатында: 1. Талас облусунун өндүрүүчүлөрүнөн төө буурчак сатып алуу жана сатуу боюнча оператор болуп «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы дайындалсын. 2. «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасына Талас облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгилеген баа боюнча 2006-жылдын түшүмүнөн төө буурчак сатып алууга уруксат берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - төө буурчак сатып алууга жана сатууга «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасына процентсиз бюджеттик ссуда бөлүү үчүн 2007- жылдагы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө 50 млн. сом карасын; - 2007-жылдын 1-октябрына чейин кайтарып берүү шарттарында 50 млн. сом суммасында процентсиз бюджеттик ссуда берүүгө «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы менен белгиленген тартипте карыздык милдеттенме түзсүн; - айыл чарба продукцияларын, анын ичинде төө буурчак берүү аркылуу Кыргыз Республикасынын тышкы карызын төлөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени 2007-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө тиешелүү министрликтер жана ведомстволор менен иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 4. "Тамак-аш" статьясы боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу министрликтер жана ведомстволор "Тамак-аш рационуна төө буурчакты киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-апрелиндеги № 243 токтомунда белгиленген тартипте төө буурчак сатып алууну уюштурушсун. 5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана «Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерге жана алыскы чет өлкөлөргө төө буурчакты экспорттоону уюштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2007-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө сунуш киргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Талас облусунун облустук жана райондук мамлекеттик администрациялары төө буурчак өстүрүшкөн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында төө буурчак айдоону андан ары кењейтүү жана анын дүњ жыйымык көбөйтүү 2007-жылдын түшүмүнөн төө буурчак сатып алууга фьючердик бүтүмдөрдү түзгөн учурда гана мүмкүн экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн. 7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр А.Исабеков