Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 18-марты, № 44-р КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Коњшу мамлекеттин аймагын (анклавдарын) айланып өтіүчү Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөнді-Баткен автомобиль жолунун курулушун калыбына келтирүү, Баткен облусунункалктуу конуштары менен республиканын башка региондорунун ортосундагыүзгүлтіксүз жана тоскоолдуксуз транспорт катнашын камсыздоо максатында, ошондойэле "Коњшу мамлекеттердин аймагын (анклавдарын) айланып өтүүчү Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолун куруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2000-жылдын 24-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун Пүлгөн-Бүргөндүучастогун курууга максаттуу багыттоо менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигине 2007-жылга "капиталдык салымдар" статьясы боюнча50,0 млн. сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлсүн; - жыл сайын Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун курулушунареспубликанын бюджетинде долбоорго ылайык курулуш толук аяктаганга чейин 2008-жылдан баштап 100,0 млн. сомдон карасын; - каражаттарды бекем максаттуу багыты боюнча пайдаланууга контролдуктукамсыз кылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги: - зарылчылыкка жараша курулуштун жүрүшү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү мененКыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин"Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик долбоорлоо институту даярдаган долбоордук-сметалык документтерге ылайык Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобильжолунун Пүлгөн-Бүргөндү участогун курууга киришсин; - Пүлгөн-Бүргөндү участогун курууга Баткен, Ош жана Жалалабат облустарынынаймактарындагы жол уюмдарын жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттикдирекциясын тартсын; - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин"Кыргызжолтрансдолбоор" мамлекеттик долбоорлоо институту даярдаган долбоордук-сметалык документтерге ылайык Пүлгөн-Бүргөндү участогун курууга даярдык көрүүбоюнча иштерди жүргүзсүн; - Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун Пүлгөн-Бүргөндүучастогун куруу боюнча башкы подрядчынын функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттикорган болуп Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы аныкталсын; - бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсызкылсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын отчет бериптурсун. 3. Көк-Талаа-Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен автомобиль жолунун Пүлгөн-Бүргөндүучастогун куруу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жанакоммуникациялар министрлигине жол-курулуш иштерин, кызмат көрсөтүүлөрдү жанатоварларды бир булактан сатып алууну ишке ашырууга уруксат берилсин. 4. Бул буйруктан аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр А. Исабеков