Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі
2007-жылдын 9-апрели №69-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен көмүскө экономиканы
мыйзамдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу
боюнча жеке сектордун макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу
максатында:
1. Көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу боюнча жумушчу комиссия
төмөнкудөй курамда түзүлсүн:
кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүу жана соода министри,
комиссиянын төрагасы.
Кыргыз Республикасынын финансы министри,
Кыргыз Республикасынын юстиция министри,
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитетинин төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин тарагасы,
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
(макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу
боюнча),
жекече:
Перфильев Б.В. - Кыргыз Республикасынын Соода -өнөр жай
палатасынын президенти (макулдашуу боюнча),
Касымалиев К.Н. - Кыргызстан экспортерлору ассоциациясынын
башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча),
Сумкоси Г. - Эл аралык ишкерлик кењешинин аткаруучу
директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу
боюнча),
Сейдахматова Ч.О. - Бизнес ассоциациялар конгрессинин аткаруучу
директору (макулдашуу боюнча),
Кемпл И.П. - Салык консультанттар палатасынын аткаруучу
директору (макулдашуу боюнча),
Асанов С.Ж. - Кыргыз Республикасынын жењил өнөр жай
ассоциациясынын аткаруучу директору (макул-
дашуу боюнча),
Кыдырбаев У.А. - Бишкек ишкер клубунун аткаруучу дирек-
тору (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу комиссияга зарыл учурларда төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, жергиликтуү жана чет
өлкөлүк эксперттерди жана консультанттарды тартууга, утурумдук эксперттик
топторду түзүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан керектүү маалы.маттарды сурап
алуута;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин өзүнүн
заседаниелерине чакырууга жана көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга
байланыштуу маселелер боюнча алардын отчетторун угууга.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, облустардын мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери
жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жумушчу комиссияга ар тараптан
анын ишмердигине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Жумушчу комиссия Кыргыз Республикасында кедейликти кыскартуу боюнча
ПРООНдун программасынын чектеринде көмүскө экономиканы аналитикалык жактан
изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан көмүскө экономиканы
мыйзамдаштыруу боюнча программаны 2010-жылдын аягына чейин 1-апрелге
карата жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турууну камсыз
кылсын.
Программа Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу
боюнча артыкчылыктуу 4-5тен ашык эмес багыттарды камтышы керек.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев