Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 6-апрели №67-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 22-ноябрындагы № 511-6буйругуна ылайык турак жай шарттарын жакшыртууга бюджеттик ссудалардыалган «Асел», «Улан», «Шумкар», «Нурдан» турак жай-куруу кооперативдерининмучөлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду: - берилген процентсиз бюджеттик ссуданы толук кайтарып берүүнүн датасы- 2019-жылдын 1-январы деп кароо жана карыздын негизги суммасын 2006-жылдан тартып төлөө менен турак жай-курулуш кооперативдеринин кредиттиккелишимдерине өзгөртүүлөрдү киргизсин; - бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнүн шарттары өзгөргөндүгү жөнүндөтурак жай-куруу кооперативдеринин мүчөлөрунө билдирсин. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 4-августундагы № 224-6
буйругу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-февралындагы № 38-6
буйругу. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигине жүктөлсүн. Премьер-министр А.Атамбаев