Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 4-апрели № 61-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү-нүн ортосундагы өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрү тууралуумакулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн бо-луучу оњдоолорду жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын. Премьер-министри А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өздөрүнүн элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрү тууралуу МАКУЛДАШУУ Мындан ары "кыргыз Тарабы" жана "түрк Тарабы", чогуу алганда "Та-раптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Респуб-ликасынын Өкмөтү, 1993-жылдын 27-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагыэлчиликтерге имарат берүү жана жабдуу боюнча финансылык өз ара эсепте-шүүлөр тууралуу протоколду (мындан ары - "1993-жылдагы Протокол") эскеалып, Бишкек жана Анкара шаарларыњдагы элчиликтердин орун алган жерлери-не байланышкан администрациялык жана финансылык маселелерди толугу ме-нен чечүү боюнча өз ара ниеттерин ырастап, эки өлкөнүн ортосундагы салтка айланган достук карым-катнаштардыандан ары дагы өнүктүрүүнү каалап, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн иш шарттарын жакшыртуумаксатында, жана өз ара мамиле, тењ укуктуулук жана тењ милдеттенүү принциптеринетаянып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. а) Түрк Тарабы кыргыз Тарабына төмөнкүлөрдү акысыз өткөрүп берет: - Анкара шаарынын Оран дипломатиялык шаарчасында жайгашкан, аянты4386 чарчы метрге барабар № 25013/1 жана аянты 4443 чарчы метрге бара-бар № 25013/2 жер участокторуна пайдалануу укуктарын 49 жылдыкмөөнөткө; - Стамбул шаарынын Бейоглу районунда жайгашкан, азыркы учурда Кыр-гыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу орун алган,жалпы аянты 198,50 чарчы метрге барабар болгон имаратты 29 жылдык мөө-нөткө убактылуу пайдаланууга. Ь) Кыргыз Тарабы түрк Тарабына төмөнкү жерлерде орун алган жеручастокторун 49 жылдык мөөнөткө пайдалануу укугун өткөрүп берет: - аянты 17280 чарчы метр жана 12750 чарчы метр болгон Бишкек шаа-рынын дипломатиялык районундагы; - Бишкек шаары, Москва көчөсү, 89 дареги боюнча жайгашкан, аянты10200 чарчы метрге барабар жерди жана ушул участокто жайгашкан имараткаменчик укугун. Түрк Тарабы жогоруда саналган кыймылсыз объекттерге бардык укук-тарды 2700000 АКШ доллары суммасына сатып алат. Түрк Тарабы ушул сумма-ны ушул Макулдашуунун 1-статьясынын а) пунктунда көрсөтүлгөн жер учас-тогунда Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчилигинин жањы има-ратын куруу үчүн которот. Келечекте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участок-торун дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагы катары пайдалануу үчүн алар-га болгон менчик укуктарын чет мамлекеттерге өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүпайда болсо, кыргыз Тарабы ушул Макулдашуунун 1-статьясынын Ь) пунктун-да көрсөтүлгөн жер участокторуна менчик укуктарын түрк Тарабына өткөрүпберүүнү кабыл алат жана милдеттенет. Түрк Тарабы ушул жагдайда өз аранегизде ушул Макулдашуунун 1-статьясынын а) пунктунда көрсөтүлгөн жеручастокторуна менчик укуктарын кыргыз Тарабына өткөрүп берүүнү кабылалат жана милдеттенет. Жогоруда көрсөтүлгөн сумманы которуу Бишкек шаары, Москва көчөсү,89 дареги боюнча орун алган, азыркы учурда Түркия Республикасынын Элчи-лигинин аймагын ээлеген убактылуу курулмалар толугу менен алынып таш-талгандан кийин жүргүзүлөт. Түрк Тарабы Бишкек шаары, Москва көчөсү, 89 дареги боюнча орун ал-ган имаратты өзү зарыл деп санаган каалаган убакта модификациялап жебузуп таштап, Түркия Республикасынын Элчилиги катары пайдалануу үчүнжањы имаратты куруу укугун өзүнө калтырат. с) Түрк Тарабы Анкара шаарындагы жогоруда көрсөтүлгөн жер участок-торун пайдалануу укуктарын, ошондой эле ушул участоктордо орун алганжана кийин курула турган имараттарга менчик укугун Кыргыз Республикасыүчүн каттайт. Кыргыз Тарабы Бишкек шаарындагы жогоруда көрсөтүлгөн жер участок-торун пайдалануу укуктарын, ошондой эле ушул участоктордо орун алганжана кийин курула турган имараттарга менчик укугун Түркия Республикасыүчүн каттайт. Участокторду пайдалануу укуктарын жана менчик укуктарынтариздөөгө кеткен чыгымдарды аларды берген Тарап тартат. 2-статья. Тараптардын жогоруда аталган жер участокторун пайдалануу укуктарынжана ал жерде жайгашкан курулуштарга менчик укуктарын ырастоочу кыймыл-сыз мүлктү ээлөөгө күбөлүктөр жогоруда аталган Оран дипломатиялык шаар-часындагы жер участогунда курула турган Кыргыз Республикасынын Элчили-гинин кызматтык имаратын куруу үчүн уруксат берилгенден кийин бир убак-та алмашылууга тийиш. Бул Макулдашуунун 2-статьясына ылайык кыймылсыз мүлктү ээлөөгөкүбөлүктөр алмашылгандан кийин 1993-жылдагы Протоколдун 1-статьясынаылайык Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагы Элчилигинин азыркы има-раты үчүн ижара акысын төлөөгө көмөктөшүү боюнча түрк Тарабынын милдет-тенмеси өз күчүн жоготот. Кыймылсыз мүлктү ээлөөгө күбөлүктөрдү алмашуу жүргүзүлгөндөн кийинбир айдын ичинде кыргыз Тарабы Анкаранын Билкент районундагы Элчининрезиденциясынын имаратын жана Кыргыз Республикасынын Анкара шаарындагыЭлчилиги үчүн бөлүнүп берилген Йылдыз жана Хилал райондорундагы экиимаратты бошотуп берүүгө милдеттенет. Тараптар ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жогорудааталган жер участокторунун жана ал жерде жайгашкан курулуштардын көлө-мүнө, наркына, орун алган жерине жана пайдалануу шарттарына карата би-ри-бирине кандайдыр-бир дооматтарды койбоого тийиш. 3-статья. Тараптар жогоруда аталган жер участокторуна карата карыздар, мен-чикке болгон дооматтар, ипотека же башка кандайдыр-бир чектөөлөр жокэкендигин жана алар менчик укуктарына жана кайтарууга доомат коюунунпредмети эмес экендигин билдиришет. Эгерде келечекте ээлөө укугуна доо-маттар пайда боло турган болсо, бөлүп берген Тарап буга окшогон ээлөөукугуна дооматтарды өз мүмкүнчүлүгүнө жараша чечет. 4-статья. Тараптар алмашылган жер участокторун жана ал жерде жайгашкан жекелечекте курула турган курулуштарды жалањ гана имараттарды куруу жанаимаратты дипломатиялык миссия катары иштетүү үчүн пайдаланышат. Ар бирТарап жогоруда саналган кыймылсыз объекттерди үчүнчү тараптарга, юриди-калык жактарга же жеке адамдарга акы алуу менен же бекер өткөрүпберүүдөн, сатуудан, ижарага берүүдөн, ээликке берүүдөн, менчик укукта-рын өткөрүп же белекке берүүдөн, узуфрукт, сервитут укуктарын берүүдөн,жашоо жана бөлүштүрүп биргелешип ээлөө максатында берүүдөн мурда экинчиТараптын жазуу жүзүндөгү уруксатына ээ болушу керек. 5-статья. Жылытуу жана желдентүү, электр энергиясын, сууну жана жаратылышгазын пайдалануу үчүн акы төлөөлөр сыяктуу элчиликтердин күнүмдүк чы-гымдарын, ошондой эле байланыш үчүн чыгымдарды Тараптар өз алдынча тар-тышат. 6-статья. 1961-жылдагы дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынынтиешелүү жоболорунун күчүнө ылайык жогоруда аталган жер участоктору жа-на курулуштар өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган жыйымдар менен тө-лөмдөрдөн башка бардык улуттук жана муниципалдык жыйымдардан жана са-лыктардан, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулат. 7-статья. Бул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ортосундагы мамилелеручурда колдонулган эл аралык келишимдерге жана Тараптардын мамлекетте-ринин улуттук мыйзамдарына координацияланышы керек. Бул Макулдашуунун жоболорун аткарууга же чечмелөөгө байланышканТараптардын ортосундагы ар кандай талаш-тартыштар өз ара консультация-ларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет. 8-статья. Бул Макулдашууга ар-кандай толуктоолор ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп эсептелген атайын протоколдорду түзүү жолу менен Тараптар-дын өз ара макулдугу боюнча ишке ашырылат. 9-статья. Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн Тараптар керектүү мамлекет ичин-деги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билди-рүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып өз күчүнө ки-рет. Бул Макулдашуу 49 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардынбири дагы тиешелүү мөөнөт аяктаганга алты ай калганга чейин анын колдо-нулушун токтотуу ниети жөнүндө билдирүүнү экинчи Тарапка жөнөтпөсө, алкийинки ушул сыяктуу мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 1993-жылдагы Протокол жарак-сыз деп табылат. ________ шаарында 2007-жылдын "__" __________ эки нускада, ар бирикыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текс-ттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстнегиз катары алынат. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн