Бишкек шаары,Өкмөт Үйү2006-жылдын 8-декабры №677-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25октябрындагы №460-6 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин: - жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилгенконсультациялык, подряддык жана аудитордук компанияларды,ошондой эле жабдууларды берүүчү компанияларды тандоо боюнчатендердик комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программалары башкармалыгынын начальниги, Рыскулова Ч.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин юридикалык иштер секторунун 1-категориядагы адиси, - жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилгенконсультациялык, подряддык жана аудитордук компанияларды,ошондой эле жабдууларды берүүчү компанияларды тандоо боюнчатендердик комиссиянын курамынан А.Ж.Бердыбеков жанаА.Р.Чынбаева чыгарылсын. Премьер-министр Ф.Кулов