Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 4-апрели № 64-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Бажылык жол-жоболорду ыкчам жүргүзүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июлундагы № 381-ббуйругуна төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: - төмөндөгүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын: "3. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн атайын техникалардыалууга жана бөлүштүрүүгө жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлиги аныкталсын. 4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республи-касынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускамага ыла-йык, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү көрсөтүлгөн атайынтехникаларды атайын бажы режиминде тариздесин. 5. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КыргызРеспубликасынын бажы аймагына көрсөтүлгөн атайын техникаларды ташыпкелүүнүн жана пайдалануунун программасын иштеп чыксын. - 3-пункт 6-пункт деп эсептелсин. Премьер-министри А.Атамбаев