Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Шериктештигинин ортосундагы Аба катнашынын айрым жагдайлары боюнча макулдашуу Бир тараптан ЕВРОПА ШЕРИКТЕШТИГИ жана экинчи тараптан КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ (мындан ары "Тараптар" деп аталышат) Европа Шериктештигине мүчө бир нече мамлекет менен КыргызРеспубликасынын ортосундагы аба катнашы жөнүндө мурда түзүлгөн экитараптуу макулдашууларда Европа Шериктештигинин мыйзамдарына каршыкелген жоболор бар экенин КӨЊҮЛГӨ АЛЫШЫП, Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен үчүнчү өлкөлөрдүнортосундагы аба катнашы жөнүндө эки тараптуу макулдашууларгакиргизилиши мүмкүн болгон айрым жагдайларга карата Европа Шериктештигиөзгөчө компетенцияга ээ экендигин КӨЊҮЛГӨ АЛЫШЫП, Европа Шериктештигинин мыйзамдарына ылайык, ага мүчө мамлекеттеачылган авиакомпаниялар Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жанаүчүнчү өлкөлөрдүн арасындагы аба маршруттарына чектелбестен чыгуугаукуктуу экендигин КӨЊүЛГӨ АЛЫШЫП, Европа Шериктештиги менен айрым үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагымакулдашууларда андай үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн ЕвропаШериктештигинин мыйзамдарына ылайык лицензияланчу авиакомпаниялардаменчик укугун алуу мүмкүндүгү каралганына КӨЊҮЛ БУРУШУП, Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынынортосунда түзүлгөн аба катнашы жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардынЕвропа Шериктештигинин мыйзамдарына каршы келген айрым жоболору ЕвропаШериктештиги менен Кыргыз Республикасынын ортосунда аба катнашынынүзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн аба катнашына ишеничтүү мыйзамдыкнегиз түзүү үчүн ага ылайык келтирилүүгө тийиштик ФАКТЫСЫН ТААНЫШЫП, Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынынортосунда түзүлгөн эки тараптуу макулдашуулардын айрым жоболору i)компаниялардын ортосундагы тийиштүү маршруттарда авиаташуучуларарасындагы атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу же чектегенмакулдашууларды, компаниялардын ассоциацияларынын чечимдерин же жалпыкабыл алынган практиканы колдонууну талап кыларын же мүмкүндүкберерин; же ii) андай макулдашуулардын, чечимдердин же жалпы кабылалынган практиканын күчүн арттырарын; же iii) авиакомпанияларга жебашка экономикалык субъекттерге тийиштүү маршруттарда авиаташуучуларарасындагы атаандаштыкты болтурбоочу, тоскоолдук кылуучу же чектөөчүандай чараларды көргөндүк үчүн жоопкерчилик саларын, компанияларгакарата колдонулчу атаандаштык эрежелеринин күчүн жокко чыгарарлыкФАКТЫСЫН ТААНЫШЫП, ТӨМӨНКҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШТЫ: 1-статья Жалпы жоболор 1. Бул Макулдашуунун максаты үчүн "мүчө мамлекеттер" деген терминЕвропа Шериктештигине мүчө мамлекеттерди билдирет.2. 1-тиркемеде Европа Шериктештигине мүчө, ушул Макулдашуунун тарабыболгон мамлекеттин жарандарына карата саналган шилтемелер ЕвропаШериктештигине мүчө мамлекеттердин жарандарына карата шилтеме катарыкаралууга тийиш.3. 1-тиркемеде саналган макулдашуулардын ар бириндеги ушулМакулдашуунун тарабы болгон мүчө мамлекеттин авиаташуучуларына жеавиакомпанияларына карата шилтемелер ошол мүчө мамлекет дайындаганавиаташуучуларга же авиакомпанияларга карата шилтеме катары каралуугатийиш.4. Эксплуатациялык укуктарды берүү мурдатан бар же болуучу экитараптуу макулдашууларга ылайык ишке ашырылат. 2-статья Мүчө мамлекеттин дайындашы 1. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарынын жоболору 2-(а) жана (b)тиркемеде саналган статьялардын тийиштүү жоболорун тийиштүү мүчөмамлекеттин авиакомпанияны дайындашына, анын Кыргыз Республикасыберген ыйгарым укуктарына жана уруксаттарына, ошондой элеавиакомпанияга ыйгарым укук, уруксат берүүдөн баш тартууга, аныныйгарым укуктарын же уруксаттарын кайра алууга, убактылуу токтотуугаже чектөөгө карата алмаштырууга тийиш.2. Мүчө мамлекеттен дайындоо алгандан кийин Кыргыз Республикасытөмөнкүдөй шарттар болгон учурда тийиштүү ыйгарым укуктарды жанауруксаттарды жол-жоболук убакытты болушунча азайтуу менен берүүгөтийиш, алар:i. авиакомпания Европа Шериктештигин түзүү жөнүндө Макулдашууга ылайыкдайындоочу мүчө мамлекеттин аймагында түзүлгөн жана ЕвропаШериктештигинин мыйзамдарына ылайык эксплуатациялоо үчүн жарактуулицензиясы бар;ii. Эксплуатанттын сертификатын берүүгө жооптуу мүчө мамлекетавиакомпанияга такай жөнгө салуучу натыйжалуу контроль жасап турат,ошондой эле дайындоодо тийиштүү авиациялык орган так аныкталган; жанаiii. авиакомпания мүчө мамлекеттерге түз же мүчө мамлекеттердинжарандарына жана/же 3-тиркемеде саналган башка мамлекеттерге, жана/жеушул сыяктуу башка мамлекеттердин жарандарына акциялардын контролдукпакети аркылуу таандык, жана ал мамлекеттер жана/же андай жарандар агатакай контролдук кылып турушат.3. Кыргыз Республикасы төмөнкүдөй шарттар болсо мүчө мамлекеттиндайындалган авиакомпаниясына берилген ыйгарым укуктарды жеуруксаттарды жоюуга, баш тартууга, токтото турууга же чектеп коюугаукуктуу, эгерде:i. авиакомпания Европа Шериктештигин түзүү жөнүндө Макулдашууга мүчөмамлекеттин аймагында ачылган эмес же Европа Шериктештигининмыйзамдарына ылайык эксплуатациялоо үчүн жарактуу лицензиясы жок;ii. Эксплуатанттын лицензиясын бергендик үчүн жооптуу мүчө мамлекетавиакомпанияга жөнгө салуучу натыйжалуу контроль жасабайт жанаконтролго албайт, ошондой эле дайындоодо тийиштүү авиациялык орган таканыкталган эмес; жеiii. авиакомпания мүчө мамлекеттерге түз же мүчө мамлекеттердинжарандарына жана/же 3-тиркемеде саналган башка мамлекеттерге, жана/жеушул сыяктуу башка мамлекеттердин жарандарына түз же акциялардынконтролдук пакети аркылуу таандык эмес.Кыргыз Республикасы ушул пунктка ылайык өз укугун ишке ашыруудаШериктештиктин авиакомпанияларын жарандык тиешеси боюнчадискриминациялабоого тийиш. 3-статья Коопсуздук 1. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору 2-(с) тиркемеде саналганстатьялардын тийиштүү жоболорун толуктап турушат.2. Эгер мүчө мамлекет башка мүчө мамлекет жөнгө салуучу контролду ишкеашыруучу же колдоп туруучу авиакомпанияны дайындаса КыргызРеспубликасынын укуктары авиакомпанияны дайындаган мүчө мамлекет мененмакулдашуусундагы коопсуздук боюнча жоболорго ылайык ошондой башкамүчө мамлекеттин андай авиакомпаниянын ишине уруксатка каратаучуулардын коопсуздугу боюнча чараларды көрүшүнө, ишке ашырышына жеколдоосуна карата бирдей шартта колдонулууга тийиш. 4-статья Авиациялык отунга салык салуу 1. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору 2-(d) тиркемеде саналганстатьялардын тийиштүү жоболорун толуктап турушат.2. Башкача нерсени шарттаган башка бир жоболорго карабастан, 2-(d)тиркемеде саналган макулдашууларда эч бир нерсе мүчө мамлекеттинаймагындагы бир пункттан экинчи пунктка же башка мүчө мамлекеттинаймагындагы пунктка учуучу Кыргыз Республикасынын дайындалганавиакомпаниясынын аба кемесин пайдалануу үчүн салыктарды, төлөмдөрдү,пошлиналарды, жыйымдарды же өз аймагында берүүчү отун үчүн акыныдискриминациясыз негизде алууга тоскоол болууга тийиш эмес. 5-статья Европа Шериктeштигинин чегинде ташууларга тарифтер 1. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору 2-(е) тиркемеде саналганстатьялардын тийиштүү жоболорун толуктап турушат.2. Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпания (авиакомпаниялар) 1-тиркемеде көрсөтүлгөн, 2-тиркемеде ташуулар үчүн көрсөтүлгөн жобонукамтыган макулдашууга ылайык белгилечү тарифтер Европа Шериктештигининчегинде толугу менен Европа Шериктештигинин мыйзамдарына ылайыккелүүгө тийиш. 6-статья Атаандаштыктын эрежелерине ылайык келүү 1. Мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы абакатнашы жөнүндө эки тараптуу макулдашуулар Тараптардын атаандаштыкжөнүндө мыйзамдарын бузбоого тийиш.2. 2-(f) тиркемеде саналган жоболор жоюлууга жана колдонулушутоктотулууга тийиш. 7-статья Макулдашууга Тиркемелер Бул Макулдашууга тиркемелер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүболушат. 8-статья Кайра кароо же оњдоолорду киргизүү Тараптар өз ара макулдашуу боюнча кайсы учурда болбосун булМакулдашууну кайра карай же оњдоолорду киргизе алышат. 9-статья Күчүнө кириши жана убактылуу колдонулушу 1. Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү тийиштүүички жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө бири бирине жазуу жүзүндөбилдирген учурдан баштап күчүнө кирет.2. 1-пунктка карабастан Тараптар бул максат үчүн керектүү жол-жоболораткарылганы жөнүндө бири бирине билдиришкен күндөн кийинки айдынбиринчи күнүнөн баштап бул Макулдашууну убактылуу колдонууга макулболушту.3. Бул Макулдашуу мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынынортосундагы, 1-тиркемеде саналган, бул Макулдашуу кол коюлган күнгөкарата күчүнө кире элек бардык Макулдашууларга жана келишимдергекарата алар күчтөрүнө киргенге жана убактылуу колдонулганга чейинколдонулат. 10-статья Токтотуу 1. Эгер 1 -тиркемеде көрсөтүлгөн Макулдашуу токтотулса, анда булМакулдашуунун 1-тиркемеде көрсөтүлгөн макулдашууга тиешелүү бардыкжоболору ошол замат жарактуулугун токтотушат.2. Эгер 1-тиркемеде саналган бардык макулдашуулар токтотулса, анда булМакулдашуу да ошол замат жарактуулугун токтотот.Ушуну ырасташып, төмөндөгү тийиштүү ыйгарым укуктуулар булМакулдашууга кол коюшту.__________ шаарында 200_-жылдын "__" __________чех, дания, голланд, англис, эстон, фин, француз, немис, грек, венгер,италия, латыш, литва, мальти, поляк, португал, словак, словен, испан,швед, орус жана кыргыз тилдеринде эки түп нускада түзүлдү. ЕВРОПА КЫРГЫЗШЕРИКТЕШТИГИ ҮЧҮН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ҮЧҮН