Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 11-апрели № 78-б
"Алтын-Балалык" балдардын медициналык-социалдык реабилитациялык комплексинин (мындан ары - "Алтын-Балалык" комплекси) мындан аркы иштешинин маселесин толугураак изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы;
Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Каниметов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кадыров М.К. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын аудит бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кушубаков С.У. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Токтогул районундагы суу чарба объектилерин каржылоо боюнча атайын фонддун төрагасы.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ "Алтын-Балалык" комплексинин ишине байланыштуу жаңыдан түшкөн материалдарды бир айдын ичинде изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө анын андан аркы иштөөсү боюнча айкын сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин алардын компетенциясына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы № 449-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
5 Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына тапшырылсын.
Премьер-министр
| А.Атамбаев |