Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 12-апрели, №82-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын кайталангыс өзгөчөлүү оайыркы жањгак токойлорунсактоо жана БУУнун биологиялык түрлөр жөнүндө жана бүткүл дүйнөлүк маданийжана табигый мурастарды коргоо жөнүндө конвенцияларына ылайык КыргызРеспубликасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында: 1. ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастардынтизмесине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жањгак жемиштүүтокойлорунун тиркелген тизмеси жактырылсыњ. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз РеспубликасынынЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы ушул буйруктун 1-пунктундакөрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жањгак жемиштүү токойлорунун тизмесинБУУнун Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо жөнүндөконвенциясынын жол-жоболоруна ылайык Бүткүл дүйпөлүк маданий жана табигыймурастардын тизмесине киргизүү максатында ЮНЕСКОГО тапшыруу үчүн керектүүматериалдарды даярдашсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Жалал-Абадоблусунун мамлекеттик администрациясы жањгак жемиштүү токойлордунзонасында өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды уюштуруунун максаткаылайыктуулугун караштырышсып. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмотүнүн Аппаратынын агрардык онүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 82 буйругу менен жактырылган ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастардын тизмесине киргизүү үчүн Кыргьп Республикасынын Жаѕгак жемиштүү токойлорунун тизмеси Тянь-Шандын жањгак жемиштүү токойлору "Сары-Челек" , "Кара-Алма" жана "Арстанбап" кластердик участокторубүткүл дүйнөлүк табигый мурас катары Номинацияланышы: Табигый эстелик Географиялык абалы: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Тянь-Шань,Фергана тоо кыркасынын батыш капталы (Арстанбап, Кара-Алма) жана Чаткалтоо кыркасынын түштүк капталы (Сары-Челек). Учурдагы статусу: "Сары-Челек" мамлекеттик биосфералык корук, токойчарбалар: "Арстанбап" жана "Кара-Алма". Арстанбап же Кара-Алма мамлекеттикулуттук жаратылыш паркын уюштуруу маселеси каралып жатат. Тянь-Шандын жањгак жемиштүү токойлорун Бүткүл дүйнөлүк табигыймурастардын тизмесине киргизүү үчүн негиздеме. Обьекттин мааниси. Тянь-Шандын жањгак жемиштүү токойлорунун (мындан ары -ТШЖЖТ)кластердик участоктору азиядагы арид региондун ичинде жана алдыњкы азиягенетика борборуна кирет. Мында жањгак, мөмө жана көптөгөн маданий өсүмдүктөрдүн алгачкыформалары бар, биомдордун көп түрлөрү: жылуу-гумиддиктен тартып ариддикжана бийик тоодогу криофиттик түрлөргө чейин топтолгон. Сунушталып жаткан биомдор түрдүк өтө ар кылдыгы жана эндемикалыктүрлөрдүн рекорддук көп санда экендиги менсн мүнөздөлөт. ТШЖЖТ комплекстүү жаратылыштык аймактын кластердик участокторунантурат, алар өлчөмү жана сакталышы боюнча тењдешсиз жана бүткүл Тянь-Шаньүчүн репрезентативдүү (басымдуу). ТШЖЖТ реликт жањгак жемиш токойлордун, үчүнчү доордогу жазыжалбырактуу жањгак токойлордун (Juglans regia) жана Шренк карагайынын каракөк ийне жалбырактуу токойлорунан (Picea schrenkiana), геологиялыккөлдөрдөн жана аларда жашаган фаунадан турат. 1979-жылы ЮНЕСКОнун Комиссиясы бул региондогу айкалышканкомплекстердин уникалдуулугун эске алып, Сары-Челек коругуњ биосфералыкрезерваттардын бүткүл дүйнөлүк тармагына киргизген. Мүмкүн болгон салыштырма анализ (ушул сыяктуу обьектилердегижаратылышты коргоонун абалын кошо камтуу менен). ТШЖЖТнын номиналдануучу обьектилери региондо Тянь-Шань үчүн табигыйбиологиялык түрлөрдүн кыйла байлыгы менен мүнөздөлөт. ТШЖЖТ республиканын аянтынын 0,3 процентине жакынын ээлеп, Тянь-Шандынаймагынын 60 проценти үчүн репрезентативдүү жана табигый жањгак-жемиштокойлордун дүйнөдөгү эњ ири массивдерин камтыйт. ТШЖЖТнын башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири алардын аймактарында жапайы алма(Malus siversii), алмурут (Pyris L.), алча (Prunus L.), чие алча (CerasusJuss), өрүк абрикос (Armenica Mill), жүзүм (Vitis L), анжыр (Ficuscarica), сары боярышник (Grataegus L.), бөрү карагат (Berberis L.),карагат (Ribes L.) ж.б.у.с. өскөнүндө. Бул жерлерде ири дандуу саванноиддер (дандуу-түр чөптүү туранталаалары) Hordeum bulbosum, Elytrigia trichophlora, Bothriochloaischaemum, умбеллярлар (Prangos и Ferula түркүмүндөгү ири чөптүү чатыртүрлүүлөр), Juniperus semiglobosa, J seravschanica турган арча токойлор,Асonogonon coriarium турган субальпы шалбаалар, Geranium түрлөр кењирикездешет. Чаткал тоо кыркасынын түштүк-чыгыш бетинде - Juglans regia жазыжалбырактуу токойлор, Malus sieversii, Prunus sogdiana, Crataegusturkestanica турган жана Picea schrenkiana, Abies semenovii зетепоүп каракөк ийне жалбырактуу токойлор менен айкапышат. ТШЖЖТнын жогорку өсүмдүктөрүнүн флорасы жетишерлик бай. Салыштырмалууанча чоњ эмес аймакта 1788 түр, же Тянь-Шандын бардык флорасынын 40проценти бар. Бүтүндүк. ТШЖЖТ Чаткал тоо кыркасынын түштүк бетинде жана Фергана тоо кыркасынынбатыш капталында жайгашкан жана бирдиктүү жаратылыштык комплекс болуптурат. Ушуга байланыштуу ал токойлор жоголуу коркунучунда турган сейрек,эндемикалык жана реликт өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнөн элеэмес, илбирс, Тянь-Шандьш ак тырмак аюусу, түркстан сүлөөсүнү,канаттуулардан - кара илегилек, тоодак, бүркүт, жылаанчы сыяктуу кыйлааялуу ири сүт эмүүчүлөрдүн жашаган, дендофлорадан болсо - грек жањгагы,Семенов пихтасы, Шренк карагайы, узунакмат жүзүмү, Петунников бадамысыяктуу түрлөр өскөн табигый жана модификацияланбаган жашоо чөйрөсү. ТШЖЖТ кластердик участоктору Тянь-Шандын экосистемасынын дээрликбардык түрлөрүнүн сакталышын жана андан аркы табигый өнүгүүсүн камсыздаптурат. Объектилерди киргизүүнү сунуштоо үчүн критерийлер. Ал критернйлергеылайыктуулуктун негиздемелери. Дүйнөлөгү эњ ири жањгак-жемиш токойлордун табигый аймагы. ТШЖЖТда жањгак, мөмө жана жалбырактуу породалардын табигый өскөн жыштокойлору бар, алар жањгак токоюнун оригиналдуу, дүйнөдө бирден-биртабигый массивин түзүп турушат. ТШЖЖТ чегинен сыртта грек жањгагынын тикмебактары Балкан жарым аралында, Кавказда, Алыскы Чыгышта, КореяРеспубликасында, Японияда, Кытайда, Иранда, Афганистанда бар, бирок алармассив түзүшпөйт. Ар кыл токой участоктордогу шарттардын кењири диапазонужана узак эволюция айрыкча жањгактын, алманын, алмуруттун, алчанын, караөрүктүн, боярышниктин жана башка породалардын чоњ полиморфизмин шарттаган.Бул уникалдуу генетикалык фонд дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө агробио-түрдүүлүкүчүн өтө маанилүү. Жањгак-жемиш токойлордун ландашфттары табигый түрүндө сакталып калганбирден бир бүтүн аймак. ТШЖЖТда бийик Тянь-Шань тоосунун жаратылышынын типтүү жана уникалдуукасиеттери жакшы айкалышып, табигый экосистемалардын түрлөрүнө бай.ТШЖЖТда Тянь-Шандын тоолуу экосистемаларынын типтеринин 90 проценти баржана флоранын жана фаунанын үчүнчү түрлөрүнүн дифференциясынан турат. Илим үчүн өтө кызыктуу жана эстетикалык маанидеги табигый кооздуктунмисалы болгон табигый процесстердии пнүгүүсүнүн мыкты мисалы. Жердин табигый өнүгүүсү, физикалык-географиялык шарттардын көптүрдүүлүгү жана өзгөчөлүктөрү, экологиялык факторлордун өзгөчөлүүкомплекси реликттерге бай түрлөрдүн (баарыдан мурда үчүнчү дооордогулар –Juglans regia) жана эндемиктердин (Abies semenovi, Malus Niedzvechiana,Rynus Korshinshyi, Sorbus persica, Sorbus turkestanica, Vitusuzunachmatica, Tulipa Greigii) уникалдуу көп түрдүүлүгүн жараткан.. ТШЖЖТ өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын нымды жана жылуулукту сүйүүчүбайыркы формаларынын, ошондой эле реликт биоценоздордун өскөн жери катарыилим үчүн кызыктуу. Эволюциянын жана түрлөрдүн жаралышынын процесстеритабигый өнүтүүнүн мисалы катары эле эмес, Евразинянын ушул сыяктууэкосистемаларын регенерациялоо жана сактоо үчүн да чоњ илимий мааниге ээ. ТШЖЖТда эстетикалык жактан баалуу жана өзгөчө элементтердин толукжыйындысы: тоодогу тузсуз таза көлдөр бар, алардын ичинде кооздугу боюнчасалыштыргыс Сары-Челек көлү, жањгак-жемиштүү жана карагай токойлор, абданкооз гүлдөрү көп шалбаалар, ажайып капчыгайлар, шаркыратмалар, тооөзөндөрү жана мөњгулүү чокулар бар. Жок болуп бараткан, сейрск, эндемикалык жана реликт түрлөрдүн кобүнсактан калуу учүн керектүү жашоо мейкиндиктери бар жаиа биологиялык артүрдүүлүктү сактоо үчүн маанилүү обьект. ТШЖЖТда жогорку өсүмдүктөрдүн 1788ге жакын түрү же Тянь-Шандагыөсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн 40 проценти өсөт, алардын арасында реликт жанаэендемикалык түрлөр бар, анын ичинен 30 түр жок болуу коркунучунда туратже өтө сейрек жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, козукарындардын 345 түрүндө үчүнчү мезгилдеги элементтер бар. ТШЖЖТда жашаган жандуу организмдердин топторунун арасында эндемикалыкжана корулуучу түрлөр көп. Сүт эмүүчүлөрдүн фаунасы 43 түрдү камтыйт,алар: элик, каман, индия чүткөрү, аюу, таш арасында жашачу суусар. Ал эмиилбирс эл аралык Кызыл китепке киргизилген. Канаттуулардын фаунасы 157 түрдөн турат, анын ичинен тоњкулдак жанакара илегилек да эл аралык коргоодо турат. Курт-кумурскалардын бардыгыболуп 2000 түрү катталган, анын ичинен 26сы реликт, ал эми 10у - КыргызРеспубликасынын Кызыл китебине киргизилген. ТШЖЖТда биотоптор бар, аларда Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинекиргизилген сүт эмүүчүлөрдүн төрттөн бири, канаттуулардын түрлөрүнүн үчтөнбири, курт-кумурскалардын түрлөрүнун дээрлик жарымы, өсүмдүктөрдүнтүрлөрүнүн үчтөн бири жашайт, бул өлкөнүн, региондун жана жалпы эледүйнөнүн биологиялык түрлөрүн сактоо үчүн аймактын мааниси чоњ экендигиндалилдеп турат.