Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 24-апрели № 95-б КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНІН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мененУкраинанын Эмгек жана социалдык саясат министрлигинин ортосунда Социалдык-эмгекчөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин. Премьр-министр А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү миннстрлиги менен Украинанын Эмгек жана социалдык саясат министрлигинин ортосунда Социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мененУкраинанын Эмгек жана социалдык саясат министрлиги (мындан ары -Тараптар): кызматташуунун жана социалдык-эмгек чөйрөсүндө тажрыйба алмашуунунзарылдыгын таанып, Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда социалдык-эмгек чөйрөсүндөгүмамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө ниеттенишип, өз компетенциясынын чектеринде аракеттенишип, эларалык милдеттенмелерди жанаТараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын сактоо менен төмөнкүлөр тууралуумакулдашты: 1-статья Тараптар төмөнкүлөрдү алмашат: - Тараптардын мамлекеттеринин социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү улуттукмыйзамдары, ошондой эле көрсөтүлгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуумаалыматтарды; - жањы билимдерге ээ болуу максатында эксперттер тобун бири-биринежиберишет; - төмөнкүлөр жаатында маалыматтарды жана тажрыйбаларды: эмгек, калкты социалдык жактан коргоо маселелерин укуктук жактан жөнгөсалуу; пенсия менен камсыз кылуу; адам ресурстарын пландаштыруу жана өнүктүрүү; социалдык-эмгек мамилелерин жана аларды мыйзамдуу жөнгө салуу, эмгекти инспектирлөө, эмгек гигиенасын жана коопсуздугун камсыз кылуу, эмгек талаш- тартыштарын чечүүнүн жолдорун; медициналык-социалдык экспертиза; Тараптардын өзара макулдашуулары боюнча калкты социалдык жактан коргоо жана эмгек боюнча башка маселелер; реабилитациялоонун техникалык каражаттары менен калкты камсыз кылуу; майыптарды реабилитациялоо. 2-статья Тараптардын өзара макулдашуулары боюнча бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу айкыниш-чаралар каралган иш-аракеттердин өзүнчө Планы менен таризделет. БулМакулдашуунун ажырагыз бөлүгү болуп эсептелген Иш-аракеттердин планы булМакулдашууга кол коюлган күндөн алты ай аралыгында даярдалат жана кол коюлат. 3-статья Эгерде ар бир конкретүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптар булМакулдашуунун жоболорун жана Иш-аракеттердин планын аткаруунун жүрүшүндө келипчыккан чыгымдарды Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралгантартипте өзалдыларынча тартышат. 4-статья Бул Макулдашуунун жоболорун жана Иш-аракеттердин планын чечмелөөгө жанаколдонууга карата Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар жана пикиркелишпестиктер өзара консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өзара макулдашуусубоюнча киргизилиши мүмкүн жана бул Макулдашуунун ажырагыз бөлүгү болупэсептелген Протокол менен таризделет. 5-статья Бул Макулдашуу 5 жылга түзүлөт жана кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.Эгерде Тараптардын бири тиешелүү мезгил бүткөнгө 30 күн калганга чейин жазуужүзүндө экинчи Тарапка бул Макулдашуунун иш-аракетин токтотуу тууралуу өз ниетинбилдирбесе, анда анын иштеши автоматтык түрдө ар бир кийинки эки жылгаузартылат. _____________ шаарында «_____»______________200_-жылы эки нускада, ар бирикыргыз, украин жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык текст бирдей күчкө ээ.Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурдаТараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын Эмгек Украинанын Эмгек жана жана социалдык өнүктүрүү социалдык саясат министрлиги министрлиги үчүн үчүн ________________________________ ____________________________