Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 27 апрели № 103-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН БУЙРУГУ Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жазгы талаа жумуштарынжүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 157-6буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: - 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөргө»деген сөздөр алып салынсын; - 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: «- дизелдик отун айылдык товар өндүрүүчүлөргө бир литри 15 сомдонсатылсын.». 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнчамамлекеттик агенттиктин карамагындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунадизелдик отунду жана автомобилдик бензинди сактоого жана жеткирүүгө байланышканчыгымдарды компенсациялоо үчүн 2007-жылга республикалык бюджетте каралганкаражаттардын чегинде акча бөлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жанаматериалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагындагы Мамлекеттикматериалдык резервдер фонду күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуудан түшкөн акчакаражатты күйүүчү-майлоочу материалдардын номенклатуралык запасын толуктоогожумшасын. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жанаматериалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик тез аранын ичинде дизелдикотунду айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды берүүнүнмакулдашылган пункттарына жеткирүүнү камсыздасын. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүнүнАппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына, финансы-экономика башкармалыгына жанаагрардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшы-рылсын. Премьер-министр А. Атамбаев