Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 7-апрели № 157-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ "Күйүүчү-майлоочу материалдардын мамлекеттик кол тийгис запасынтүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралын-дагы N 61 токтомуна ылайык жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилиндекүйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды турукташтыруу, өзгөчө кырдаал-дардын алдын алуу жана жоюу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик: - мамлекеттик материалдык резервден төмөнкүдөй көлөмдөгүкүйүүчү-майлоочу материалдарды брондон чыгарсын: бензин - 5000 куб.м,дизель отуну - 10000 куб м; - бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге 2006-жылдын бекитилген бюд-жетинин бөлүнгөн каражаттарынын эсебине, ошондой эле айылдык товарөндүрүүчүлөргө мамлекеттик резервге коюу үчүн күйүүчү-майлоочу матери-алдар сатып алынган баалар боюнча сатсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги2006-жылдын республикалык бюджетинин кирешесинде жана чыгашасында ишжүзүндө берилген күйүүчү-майлоочу материалдардын көлөмүнүн баасына туу-ра келген сумманы эске алсын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казыпалуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө, финансы башкармалы-гына жана экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов