Редакцияот 02.05.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 2-майы №107-б           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ       Бишкек  шаарында  болуучу Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин  катышуучуларын-мамлекет башчыларын  кабыл  алуу үчүн  №  1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында  «Кабыл  алуу  үйү   жана   мейман  үйлөрүнүн»  атайын  обьектилерин  куруу  боюнча маселелерди ыкчам чечүү максатында:      1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:      -   «Кыргызкурулушсервис»   мамлекеттик   ишканасына   Кытай  Эл Республикасынан атайын обьектилерин куруу үчүн арналган товарларды алып келүүдө алардын курулушу аяктаганга  чейин Кыргыз  Республикасынын Бажы  кодексинин  245-статьясына ылайык  КНС  жана  алып келинүүчү товарларга  бажылык  алым төлөө мөөнөттөрүн эки айга чейин жылдырсын;      -    «Кыргызкурулушсервис»    мамлекеттик   ишканасынын  дарегине   алып   келинген  атайын   обьектилерди   курууга арналган    товарларды бажылык тариздөө үчүн бажы  жыйымдарын төлөөдөн бошотсун.            2.    Кыргыз   Республикасынын    Президентинин  Иш  башкармалыгы  Кыргыз  Республикасынын Бажы  кодексинин  257-статьясына  ылайык,  бажы төлөмдөрүн төлөөнү  камсыз кылуу максатында  жана мамлекеттик бюджеттен каржылоонун  кечигип  жаткандыгын  эске  алып,  Кыргыз  Республикасынын  жарандык  мыйзамдарына   ылайык  Кыргыз   Республикасынын   Мамлекеттикбажы  комитети  менен  «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы  үчүн кепилчилик келишимин түзсүн.      3.   Кыргыз    Республикасынын    Финансы    министрлиги   Кыргыз Республикасынын   Президентинин   Иш   башкармалыгы ушул  буйруктун  1-пунктунда аталган бажы төлөмдөрүн жана аларды төлөө мөөнөтүн узарткандыгы үчүн пропенттерди  төлөөнү  өз учурунда  каржылоону  камсыздасын.      4. Бул   буйруктун  аткарылышын  контролдоо Кыргыз Республикасынын     Өкмөтүнүн  Аппаратынын  тиешелүү башкармалыктарына жүктөлсүн.                  Премьер-министр                                    А.Атамбаев