Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 3-июну № 89 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫК КОДЕКСИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ 2006-жылдын 28 —апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасынын
Салык кодексине (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996 — ж., №7, 92—ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 9 — статьянын 36 жана 37 — пункттары төмөнкүдөй редакциядабаяндалсын: "36. "Негизги каражат" — экономикалык иште пайдаланылган жепайдаланууга арналган, өзүнүн наркын бара—бара өзү тарабынан түзүлгөнтоварларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өткөрүп берген,пайдалануу же эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылдан ашуунду түзгөн, наркы10000 сомдон ашкан же ушул Кодекстин 148 — статьясын ишке ашыруумаксатында бажы наркы кеминде 100000 сомду түзгөн актив, ошондой элеушул Кодексте башкача каралбаса, жер. 37. "Негизги өндүрүш каражаттары" — ар биринин наркы 10000 сомдонашуунду тузгөн, кызмат мөөнөтү бир жылдан ашык болгон жанаамортизацияланууга жаткан активдер.". 2. 148 — статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "148 —статья. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу 1. КНС төлөөчү катары катталган чарба жүргүзүүчү субъекттертарабынан түздөн-түз өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн КыргызРеспубликасынын бажы аймагына алынып келинген, анын ичинде каржылыкижара (лизинг) келишими боюнча алынып келинген негизги каражаттар(Евроазия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык ишининтовардык номенклатурасына ылайык 8702 (микроавтобустар), 8703 —товардык позицияда жана 94 — топто классификацияланган товарлардантышкаркы) КНС төлөөдөн бошотулат. 2. Өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүтарабынан алынып келинген, анын ичинде каржылык ижара (лизинг)келишими боюнча алынып келинген ушул статьянын биринчи бөлүгүндөкаралган негизги каражаттар чарба жүргүзүүчү субъекттин КНС төлөөчүкатары каттоодон өткөн фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат. 3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн негизги каражаттар шарттуу чыгарылганкүндөн тартып 12 ай өткөндөн кийинки мезгилде ээликтен ажыратылганучурда, мындай ээликтен ажыратуу жөнөтүү деп эсептелинет жана салыкорганына КНСти төлөө жүзөгө ашырылат. 4. Ушул статьяда көрсөтүлгөн негизги каражаттар шарттуу чыгарылганкүндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин ээликтен ажыратылса, мындайээликтен ажыратуу салык салынуучу импорт болуп саналат жана КНСтиншарттуу чегерилген суммасы жана үстөк бажы органына төлөнөт. Үстөкбажы органы тарабынан шарттуу чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартыпКыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген ставкалар боюнчаКНСти төлөө боюнча милдеттер аткарылган күнгө чейин чегерилет.». 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктукактыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам 2006 —жылдын 1—январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев