Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөтүйү
2007-жылдын 3-майы № 108-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы мамлекеттик
карызын тындыруунун ылайыктуу вариантын иштеп чыгуу жана Кыргыз
Республикасынын тышкы карызынын оорчулугун азайтуу максатында:
1. Төмөндөгүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Жапаров Л.ү. - Кыргыз Республикасынын финансы
министри, топтун жетекчиси,
Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык
өнүктүрүү жана соода министри, топтун
жетекчисинин орун басары,
топтун мүчөлөрү:
Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай,
энергетика жана отун ресурстары
министри,
Макаров А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасынын орун басары,
Абдыбалы тегин - Кыргыз Республикасынын Улуттук
Сүйөркул банкынын төрагасынын орун басары
(макулдашуу боюнча),
Жумагулов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Россия
Федерациясындагы Атайын жана Толук
укуктуу Элчиси,
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын реалдуу сектор
Башкармалыгынын отун-энергетика
комплекси жана кен казып алуу тармагы
бөлүмүнүн башчысы,
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн
башчысынын орун басары,
Бердикеев С.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын финансы-экономика
башкармалыгынын бюджеттик жана
кредиттик саясат секторунуњ башчысы.
2. Ведомстолор аралык жумушчу тобуна зарыл учурларда иш
процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз
Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комиттеринин,
администрациялык ведомстолорунун адистерин тартууга, ошондой эле
керектүү маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу тобу эки айлык мөөнөттө Росссия
Федерацяясынын өкүлдөрү менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү
жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы
мамлекеттик карызын тындыруу маселелери боюнча макулдашылган сунушун
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А. Атамбаев