Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 16-июнундагы № 90 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2006-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 24-статьяда: биринчи бөлүгү "айына бир жолу" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Рес-публикасынын Премьер-министринин," деген сөздөр менен ирлукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын: "Өмөттүк күнгө" чакырылган адамдар Жогорку Кењештин жыйналышына күн тар- тибинде көрсөтүлгөн күнү милдеттүү."; төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша бешинчи жана алтынчы бөлүктөр деп эсептелсин. 2. 27-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Добуш бере турган күнү каттоо ар бир тананистен кийин, добуш берэ-эрдин алдында, Жогорку Кењештин жыйналышынын аягында жана депутаттардын сунушу боюнча жүзөгө ашырылат. Башка күндөрү каттоо жыйналыш башталаардын алдында жүргүзүлөт. Төрагалык кылуучу жыйналышты жаап жатып, Жогорку Кењештин кийинки жыйналышында кайсы маселелер кандай тартипте карала тур- гандыгы жөнүндө депутаттардын эсине салат.". 3. 103-статья төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү жана бешеинчи, бөлүктөр менен толукталсын: "Мыйзам долбоорун кароо күн тартибине ылайык, Жогорку Кењештин жумуш жумасынын алгачкын эки күнүндө жүргүзүлөт. Жогорку Кењештин жыйналышында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү Жогорку Кењештин жумуш жумасынын төртүнчү күнүндө жүргүзүлөт. Жогорку Кењештин жумуш жумасынын бешинчи күнү мыйзам долбоорлорун кароого жана добуш берүүгө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 24-статьясынын биринчи бөлүгүнө ылайык "өкмөттүк күн" өткөрүүгө берилет. Жогорку Кењештин кароосунан өткөн мыйзам долбоорлору жок болгондо бул күндөр мыйзам долбоорлорун, башка маселелерди кароо жана алар боюнча добуш берүү үчүн пайдаланылат.". 2-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти К.Бакиев