Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-майы N 135-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын тышкы карызын төлөө үчүн ыктыярдуу кошумча-ларды жана взносторду топтоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын "Кыргыз Республикасы-нын тышкы карызын төлөөнүн элдик эсеби" атайын эсебин ачсын; - "Тышкы карызды төлөөнүн элдик эсеби" эсебин башкаруу жөнүндө жо-бонун долбоорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин. 2. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министри А.Атамбаев