Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 26-майы N 138-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында:
1. 2007-жылдын 28-майынан 27-июнуна чейин балдарды коргоо боюнча
бир айлык өткөрүлсүн.
2. Балдарды коргоо боюнча бир айлыкты өткөрүүнүн тиркелген иш-ча-
ралар планы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги балдарды коргоо
боюнча бир айлыктын алкагында иш-чараларга катышуучулардын коопсуздугун
камсыздасын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлиги-
нин башка органдары 2007-жылдын 17-июнуна карата Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдар-
ды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке аткарылган иштер жөнүндө маалы-
мат беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана
спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агент-
тик:
- балдар-өспүрүмдөр уюмдарынын лидерлеринин министрликтердин, мам-
лекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бий-
лигинин башка органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лардын жетекчилери менен жолугушуулардын графигин иштеп чыксын жана бе-
китсин;
- жалпыланган маалыматты 2007-жылдын 31-июлуна чейин Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн"
2007-жылдын 26-майындагы
138-б буйругу менен
бекитилген
Балдарды коргоо боюнча бир айлыкты өткөрүүнүн
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
-----------------------------------------------------------------------
|N | Иш-чаралар | Аткаруучулар | Аткаруу |
| | | | мөөнөтү |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|1. |"Кыргызстан балдардын көзү |Билиммин, Эмгексоцмин, |28-майдан|
| |менен" деген темада |облустук мамлекеттик |27-июнга |
| |сүрөттөрдүн, плакаттардын |администрациялар, |чейин |
| |жана чыгармалардын |жергиликтүү өз алдынча | |
| |конкурстарын өткөрүү. |башкаруу органдары, | |
| |Балдар тарткан сүрөттөрдүн,|Кыргызстан профсоюздар | |
| |плакаттардын көргөзмөсүн |федерациясы (макулдашуу | |
| |уюштуруу жана мыкты |боюнча), коомдук уюмдар | |
| |чыгармалардын жыйнактарын |(макулдашуу боюнча) | |
| |даярдоо | | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|2. |Балдар чыгармачылыгынын |Маданият министрлиги, |28-майдан|
| |конкурстарын өткөрүү |облустук мамлекеттик |27-июнга |
| |(ыр, бий, элдик фольклор |администрациялар, |чейин |
| |ж.у.с). Конкурстун |жергиликтүү өз алдынча | |
| |жењүүчүлөрү үчүн балдардын |башкаруу органдары, | |
| |жайкы эс алуу лагерлеринде |Кыргызстан профсоюздар | |
| |эс алууну уюштуруу |федерациясы (макулдашуу | |
| | |боюнча) | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|3. |Балдар-өспүрүмдөр |Министрликтер, мамлекеттик |28-майдан|
| |уюмдарынын лидерлери менен |комитеттер, |27-июнга |
| |жолугушууларды уюштуруу |администрациялык |чейин |
| | |ведомстволор, жергиликтүү | |
| | |мамлекеттик | |
| | |администрациялар жана | |
| | |аткаруу бийлигинин башка | |
| | |органдары | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|4. |Социалдык роликтердин |Эмгексоцмин, УТРК |28-майдан|
| |сериясын даярдоо жана | |27-июнга |
| |көрсөтүүнү уюштуруу | |чейин |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|5. |Телеберүүлөрдү, радиодо |Министрликтер, мамлекеттик |28-майдан|
| |чыгып сүйлөөлөрдү, гезит- |комитеттер, |27-июнга |
| |журналдарга макалаларды |администрациялык |чейин |
| |уюштуруу |ведомстволор, жергиликтүү | |
| | |мамлекеттик | |
| | |администрациялар жана | |
| | |аткаруу бийлигинин башка | |
| | |органдары, УТРК | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|6. |Балдардын проблемалары |Эмгексоцмин, ИИМ, ДСМА, |28-майдан|
| |боюнча тегерек үстөлдөрдү, |облустук мамлекеттик |27-июнга |
| |семинарларды жана |администрациялар, |чейин |
| |конференцияларды өткөрүү |жергиликтүү өз алдынча | |
| | |башкаруу органдары, коомдук| |
| | |уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|7. |Балдар үчүн интернат |Министрликтер, мамлекеттик |28-майдан|
| |мекемелерге, балдардын |комитеттер, |27-июнга |
| |дарылоо мекемелерине колдон|администрациялык |чейин |
| |келген жардам көрсөтүү |ведомстволор, жергиликтүү | |
| |менен барууларды уюштуруу |мамлекеттик | |
| | |администрациялар жана | |
| | |аткаруу бийлигинин башка | |
| | |органдары, коомдук уюмдар | |
| | |(макулдашуу боюнча) | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|8. |Балдар үйлөрү, интернат |Облустук мамлекеттик |1-2-июнь |
| |үйлөр жана адистештирилген |администрациялар, Бишкек | |
| |балдар мекемелери үчүн |жана Ош шаарларынын | |
| |оюнчуктарды, балдар |мэриялары, коомдук уюмдар | |
| |кийимдерин, спорттук |(макулдашуу боюнча) | |
| |жабдыктарды, китептерди | | |
| |ж.б. чогултуу боюнча "Биз | | |
| |дагы жаранбыз" деп аталган | | |
| |кайрымдуулук марафондорун | | |
| |өткөрүү | | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|9. |Акы төлөнүүчү коомдук |Эмгексоцмин, |28-майдан|
| |жумуштарды уюштуруу жолу |Миграциямамком, облустук |27-июнга |
| |менен |мамлекеттик |чейин |
| |интернат-мектептердин, |администрациялар, | |
| |балдардын дарылоо |жергиликтүү өз алдынча | |
| |мекемелеринин |башкаруу органдары | |
| |имараттарын оњдоо | | |
| |жана реконструкциялоо | | |
| |жумуштарын жүргүзүү | | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|10.|Шаарлардын жана айылдардын |Облустук мамлекеттик |28-майдан|
| |көчөлөрүн жарнак такталар |администрациялар, |27-июнга |
| |менен жасалгалоо |жергиликтүү өз алдынча |чейин |
| | |башкаруу органдары | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|11.|Ош шаарында Балдарды |Эмгексоцмин, ДСМА, Ош, |30-май - |
| |коргоонун эл аралык күнүнө |Жалал-Абад, Баткен |1-июнь |
| |арналган фестиваль өткөрүү |облустарынын мамлекеттик | |
| | |администрациялары жана | |
| | |Ош ш. мэриясы, коомдук | |
| | |уюмдар (макулдашуу боюнча) | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|12.|Райондук жана шаардык |Облустук мамлекеттик |1-июнь |
| |парктарда 14 жашка чейинки |администрациялар, | |
| |балдардын эс алышы үчүн |жергиликтүү өз алдынча | |
| |саат 10.ООдөн 16.00гө |башкаруу органдары | |
| |чейин акысыз | | |
| |аттракциондорду уюштуруу | | |
| |менен жалпы сейилдөөлөрдү | | |
| |өткөрүү | | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|13.|Майрамдык концерттерди коюу|Маданият министрлиги, |1-июнь |
| | |облустук мамлекеттик | |
| | |администрациялар, | |
| | |жергиликтүү өз алдынча | |
| | |башкаруу органдары | |
|---|---------------------------|---------------------------|---------|
|14.|Шаардык, райондук |Облустук мамлекеттик |1-июнь |
| |кинотеатрларда балдар үчүн |администрациялар, Бишкек | |
| |акысыз кинофильм көрүүнү |жана Ош шаарларынын | |
| |уюштуруу |мэриялары | |
-----------------------------------------------------------------------