Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 5-октябры № 571-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы № 129-б буйругунун редакциясына ылайык) Саламаттык сактоо уюмдарына - Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборуна, Бишкек шаа-рынын N 1 шаардык клиникалык ооруканасына, Бишкек травматология жанаортопедия илим изилдөө борборуна арналган Америка Кошмо ШтаттарынынМамлекеттик департаментинин "Үмүт операциясы" долбоору боюнча гумани-тардык жардамды тоскоолсуз жана ыкчам алууну камсыздоо максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы коми-тети "Үмүт операциясы" долбоору боюнча келүүчү гуманитардык жүктүн өзубагында жана тоскоолдуксуз бажылык таризделишин камсыздасын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы № 129-ббуйругунун редакциясына ылайык) 2. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы: - контейнерлерди тез түшүрүп алууну жана Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлигинин кампасына автотранспорт менен борбор-доштурулган жеткирүүнү жана контейнерлерди акы албастан кайра жиберүүнүуюштурсун; - жүктү алуучуларды контейнерлердин туруп калгандыгы үчүн айыптыксанкциялардан бошотсун. 3. Бишкек шаарынын мэриясы гуманитардык жүктүн Кыргыз Республика-сынын Саламаттык сактоо министрлигинин кампасынан алуучуларга жеткири-лишин камсыздасын. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги гуманитардыкжүктү ташыган автотранспорттун арналган жерлерге тоскоолдуксуз жана ко-опсуз өтүшүн камсыздасын, зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Ички иштерминистрлигинин Мамлекеттик автоинспекциянын коштоосун уюштурсун. 5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КыргызРеспубликасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бир-дикте: - гуманитардык жардам линиясы боюнча келүүчү медициналык жабдуу-ларды жана медициналык арналыштагы буюмдарды кабыл алуу боюнча комиссиятүзүшсүн; - гуманитардык жүктү эсепке алууну, отчеттуулугун жана ыкчамбөлүштүрүлүшүн камсыздашсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы № 129-ббуйругунун редакциясына ылайык) 6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармасына жүк-төлсүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы № 129-ббуйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф.Кулов