Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 6-июну № 154-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Созулган арбитраждык жана соттук териштирүүлөргө байланыштуу, та-лашты жайгаруу боюнча чара көрүү зарылдыгын эске алып, ошондой эле "Ло-ренц" эл аралык юридикалык фирмасында мурда "Петробард Лимитед" компа-ниясынын доосу боюнча арбитраждык териштирүүлөрдө Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн кызыкчылыгынын атынан чыккан юристтер бар болгондуктан: 1. "Лоренц" эл аралык юридикалык фирмасы Кыргыз Республикасындада, анын чегинен тышта да "Петробард Лимитед" компаниясынын Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн берген доо арызына байланышкан арбитраж-дык жана соттук териштирүүлөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызык-чылыктарын коргоо үчүн расмий өкүл болуп дайындалсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнчаюридикалык кызматтарды көрсөткөндүк үчүн ставкалар жана чыгымдар боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Лоренц" эл аралык юридикалык фир-масынын ортосунда түзүлүүчү (юридикалык кызмат көрсөтүү жөнүндө) макул-дашуунун долбоору жактырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун2-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарымукук берилсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн кызматына акынытүзүлгөн Макулдашууга ылайык бир булактан ыкмасы менен төлөсүн; - "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджетижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура-луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү долбоорун даярдасын жа-на аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кир-гизсин. Премьер-министри А.Атамбаев