Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 8-июну № 164-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка орто мектебинин окуучу-ларынын окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо максатында: 1. Сокулук районунун Шопоков атындагы айыл чарба кооперативининбалансындагы, Чүй облусу, Сокулук району, Гавриловка айылы, Фрунзекөчөсү, 113 дареги боюнча жайгашкан Гавриловка орто мектебинин имараты-нын наркын 12500,0 (он эки миллион беш жүз) мињ сом өлчөмүндө белгиле-ген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин2006-жылдын 7-сентябрындагы № 575/1 буйругу менен түзүлгөн баалоо ко-миссиясына макулдук берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Со-кулук районунун Шопоков атындагы айыл чарба кооперативинен ушул буйрук-тун 1-пунктунда аталган имаратты белгиленген тартипте сатып алуугауруксат берилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган имаратты са-тып алууга максаттуу багыт менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жа-на илим министрлигине 2007-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларбөлүмүндө 9 411700 ( тогуз миллион төрт жүз он бир мињ жети жүз) сомкарасын. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жана социалдыкөнүктүрүү жана маалымат башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министри А.Атамбаев