Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 12-июну № 133
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Алкоголь продукциясын контрабандалоого, жашыруун чыгарууга,
сактоого жана сатып өткөрүүгө каршы күрөштү күчөтүү
боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө
ашыруу, ошондой эле алардын сатылышына
контролдукту камсыз кылуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мамытов Токтокучук - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук
Болотбекович кењешинин катчысы, комиссиянын
төрагасы
Жапаров Акылбек - Кыргыз Республикасынын финансы министри,
үсөнбекович комиссиянын төрагасынын орунбасары
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Абдиев Курмантай - Кыргыз Республикасынын Башкы
прокурорунун биринчи орунбасары
Алыбаев Айбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Ташибекович Администрациясынын Жетекчисинин
орунбасары
Суталинов Мурат - Кыргыз Республикасынын Улуттук
Абдыбекович коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин
төрагасы
Ногойбаев Болотбек - Кыргыз Республикасынын ички иштер
Бердибекович министри
Акматов Нурлан - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бажы
Орозбаевич комитетинин төрагасы
Курманбеков Темирбек - Кыргыз Республикасынын салыктар жана
Барыктабасович жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин
төрагасы
Токочбаев Касейн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Төлөгөнович финансы полициясынын директору
Молдашев Замир - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын
Мурзабекович төрагасы
Жээнбеков Сооронбай - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба
Шарипович жана кайра иштетүү өнөржай министри.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө Кыргыз
Республикасынын Президентинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:
- республикада алкоголь продукциясын контрабандалоого, жашыруун
чыгарууга, сактоого жана сатып өткөрүүгө каршы күрөшүү боюнча ачык-
айкын иш-чаралардын планын;
- алкоголь тармагын, анын ичинде иштебей турган алкоголь
продукциясын чыгаруучу 59 ишкананы жөнгө салуу боюнча сунушту.
3. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу экендиги
белгиленсин:
- аткаруу бийлик органдары Кыргыз Республикасынын Президенти
бекиткен иш-чаралардын планын аткарышына контолдук кылууга;
- иш-чаралардын планынын айрым пункттарын жүзөгө ашыруу үчүн
жумушчу топторду түзүүгө;
- аткарылган иш жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды суратууга
жана алууга, иш-чаралардын планынын пункттарынын аткарылышынын
жүрүшүнө контролдук кылууга;
- аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көзкарандысыз
эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартууга,
ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды суратууга.
4. Ведомстволор аралык комиссия ай сайын Кыргыз Республикасынын
Президентине алкоголь продукциясык контрабандалоого, жашыруун
чыгарууга, сактоого жана сатып өткөрүүгө каршы күрөшүү боюнча
аткарылган иш жөнүндө билдирип турсун.
5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Коопсуздук кењешинин катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев