Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары Өкмөт үйү
2007-жылдын 19-июну № 173-б
Бишкек шаарында 2002-жылдын. 31-октябрында кол коюлган
Экономикалык өнүктүрүү боюнча (АКФЕД) Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Ага Хан фондунун
ортосундагы экономикалык кызматташтык жөнүндөгү
макулдашуунун 7-статьясына ылайык:
1. Ага Хан фонду үчүн иммунитетти жана артыкчылыктарды сактоонун
максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү маселени изилдөө боюнча жумушчу
комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,
комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы,
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин статс-катчысы,
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин
орун басары,
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын
биринчи орун басары,
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик
комитетинин төрагасынын орун басары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика
башкармалыг"ынын финансы бөлүмүнүн башчысы,
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун
басары (макулдашуу боюпча),
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Бюджет жана финансы
боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу комиссияга иш үчүн керектүү маалыматтарды мамлекеттик
башкаруу органдарынан белгиленген тартипте сурап алууга жана өз ишине
мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, жергиликтүү жана чет
өлкөлүк эксперттерди жана консультанттарды тартууга уруксат берилсин.
3. Жумушчу комиссия 2007-жылдын 16-июлуна чейинки мөөнөттө Ага Хан
фондусу үчүн иммунитетти жана артыкчылыктарды сактоонун максатка
ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратына киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев