Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 16-июну № 172-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнү жакшыртуу, Кыргыз Республикасы-нын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча иш-чара-ларды аткарууну текшерүү максатында жана "Айлана-чөйрөнү коргоожөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарыжөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнүкоргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке "Бишкек" эркинэкономикалык зонасынын чарбакер субъекттерине мамлекеттик экологиялыкконтроль жүргүзүүгө уруксат берилсин. 2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Нур уулу Досбол