Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 29-июну № 93
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү
тууралу
2006-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жыл 18-январь, №
4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
155-статьяда:
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын," деген
сөздөр алып салынсын;
статья "14 жумушчу күнүнөн кеч эмес" деген сөздөрдөн кийин ", Кыр-
гыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын - 21 жумушчу күнүнөн
кеч эмес" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев