Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июну № 174 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун колдоо макса-тында жана Кыргыз Республикасынын Бажы
кодексинин 142 жана 145-стать-яларынын негизинде: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети катуу тиричи-лик калдыктарын чыгаруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы алып келген "МАЗ"маркасындагы 42 (кырк эки) адистештирилген коммуналдык автомашинаны жа-на 1700 евроконтейнерди жеткирүүчүлөр тарабынан берилген кепилдикмөөнөтүн эске алып, эки жылдык мөөнөткө бажы пошлиналарын жана салык-тарды төлөөдөн толук бошотуу менен убактылуу алып келүүнүн бажылык ре-жиминде бажылык тариздөөнү жүргүзсүн. 2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын финансы-экономика башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министри А.Атамбаев